Орусиянын Казан жана Нижнекамск аэропорттору коопсуздукка байланыштуу убактылуу жабылганын Росавиация жарыялады.
Түндө дрон чабуулуна байланыштуу жабылган аэропорттор акырындап ачылып жатканы кабарланды. Москванын аба майдандары, Волгоград, Самара, Иванов, Калуга, Нижний Новгород жана Ярославль шаарларында аэропорттордун ишине киргизилген чектөө алынганы айтылды.
5-майдан 6-майга оогон түнү Орусия украиндердин дрон чабуулуна кабылганын билдирген. Воронеждин губернатору Александр Гусев облус аймагында түндө 20 дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады.
Ага чейин Орусиянын армиясы Украинанын аймактарына жапырт сокку урган.
Харьковдо 6-майга караган түнү Орусиянын дрон чабуулунда эки киши жараат алганын шаардын мэри Игорь Терехов Телеграмга жазды.
Терехов чабуул эки саатка созулганын, шаардын төрт району бутага алынганын билдирди.
Соккунун кесепетинен Харьковдогу чоң базарлардын бири өрттөнүп кетти.