Сеул: Курскиде түндүк кореялык 600дөй аскер каза болду

Түндүк Кореянын аскерлери (Архив)

Орусия Украинадагы согушка тарткан түндүк кореялык 600дөй аскер каза болуп, дагы миңдегени ар кандай жараат алганын Reuters жана AFP агенттиктери Түштүк Корея парламентинин чалгын боюнча комитетинин өкүлүнө таянып билдирди.

«Бүгүнкү күндө Түндүк Кореянын жоготуусу 600дөй аскерди кошкондо болжолдуу түрдө 4700 киши деп эсептелди», — деди журналисттерге түштүк кореялык депутат Ли Сон Квун өз өлкөсүнүн Улуттук чалгын кызматы депутаттар үчүн өткөргөн брифингден кийин.

Анын айтымында, быйыл жыл башынан бери Түндүк Кореяга 2 миңдей аскер кайткан, бирок алар Пхеньянда жана башка жерлерде кармалып турат.

«Менин түшүнгөнүмчө өлгөндөрдүн сөөгү Курскиде кремация болуп, андан кийин күлү Түштүк Кореяга жеткирилген», — деп кошумчалады ал.

Өткөн аптада Пхеньян алгачкы жолу Түндүк Кореянын аскерлери Украинага каршы согушка аралашканын ырастаган.

Мамлекеттик KCNA агенттиги жазган маалыматка караганда, аскерлерди жөнөтүү "Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын буйругуна" ылайык жана эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимге ылайык жүзөгө ашырылган.

Пхеньяндын бул билдирүүсү орус Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимов Курск облусундагы согуштук кырдаал тууралуу маалымдаган соң жарыяланды. Анда генерал Орусиянын президенти Владимир Путинге аймактагы кырдаал тууралуу баяндап жатып, "түндүк кореялык аскерлер облусту бошотууда чоң жардам көрсөткөнүн" билдирди.

Түндүк кореялык аскерлердин Курскидеги салгылаштарга катышып жатканы тууралуу расмий Сеул, Кошмо Штаттар, Батыш мамлекеттери жана украин бийлиги буга чейин эле кабарлап келген. Москва менен Пхеньян расмий бышыктаган да, так четке каккан да эмес.

Дагы караңыз

УКМК Бишкек шаардык милициясынын эки кызматкерин кармады"ЖМКга, укук коргоочуларга кысым күчөдү". Amnesty International уюмунун жаңы баяндамасы