Парламент шайлоону көп мандаттуу округдар боюнча өткөрүүнү колдоду

Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеш 30-апрелдеги отурумунда парламенттин депутаттарын шайлоону өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду. “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө 76 депутат “макул”, бир эл өкүлү - Дастан Бекешев “каршы” деп добуш берди. Документ эми президентке кол коюу үчүн жөнөтүлөт.

Мыйзам долбооруна ылайык, өлкө боюнча 30 шайлоо округу түзүлүп, анын ар биринде үчтөн депутат шайланат. Алардын ичинен эки мандат эркектерге, бир мандат аял кишиге берилет. Ошондо жок эле дегенде 90 мандаттын 30ун аялдар алат. Эгерде өз округунда көп добуш алып биринчи, экинчи орунга чыкса, анда аял депутаттардын саны дагы көбөйөт. Бир шайлоочу бир эле талапкерге добуш берет.

Ушул тапта иштеп жаткан мыйзам боюнча өзүн өзү көрсөткөн талапкер 100 миң сом күрөө төлөшү керек, жаңы сунушта бул сумма 300 миң сомго көбөйүп жатат. Ал эми саясий партиялар үчүн күрөө 1 миллион сомдон 9 миллионго көтөрүлөт. Жаран өзү же партия Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) күрөөнү төккөндөн кийин гана шайлоого катталат. Күрөөдөгү каражат саясий партияларга да, өзүн өзү көрсөткөн талапкерлерге да кайтарылбайт. Шайлоодон уткан учурда да күрөөгө берилген акча кайра берилбейт.

Өзүн өзү көрсөткөн талапкердин шайлоо фонду 20 млн сомго, саясий партиялардыкы 300 млн сомго чейин көтөрүлөт. Ошондой эле талапкердин үгүтчүлөрү 500дөн 1000 адамга чейин көбөйтүлөт.

Депутат мандатын тапшырган учурда кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Мандат ошол округдан көп добуш алган кийинки талапкерге берилет.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, депутаттар Акылбек Түмөнбаев, Кундузбек Сулайманов, Марлен Маматалиев, Улан Примов, Данияр Төлөнов, Жумабек Салымбеков, Чыңгыз Ажибаев, Советбек Рустамбек уулу жана Жайлообай Нышанов. Авторлор мыйзам долбоору кабыл алынса саясий коррупцияны азайтат деп эсептешет.

Буга чейин бир катар депутаттар документ тескерисинче саясий коррупцияны гүлдөтүп, карапайым адамдардын шайлоодо талапкер болуу укугун чектей турганын айтышкан.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин депутаттарын шайлоого байланыштуу мыйзам долбоору долбоору президент менен макулдашылганын билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Депутат Жылдыз Садырбаева вице-спикер болуп шайландыУКМК Бишкек шаардык милициясынын эки кызматкерин кармадыАКШ соту "Азаттык" радиосуна каражат берилсин деген чечим чыгарды Түркияда кармалган мугалим “Малтепе” абагында экени белгилүү болдуОрусиялык институттун кызматкери, эксперт Андрей Грозин Казакстанга киргизилбеди Султанбай Айжигитов УКМК жубайына кылмыш ишин козгогонун айттыУлуттук банк валюта базарына 158 млн 300 миң доллар сатты