АКШда Мелис Маматов эл аралык шахмат турниринде жеңүүчү болду

Мелис Маматов

17-21-апрель күндөрү Сент-Луис шаарында өткөн мелдештин финалында Украина, Нидерланд, АКШ жана Кыргызстандын шахматчылары беттешти.

Мелис Маматов 5 оюндан 4 упай топтоп, украиналык Илья Нижник жана нидерланддык Вениамин Бок менен биринчи орунду бөлүштү.

АКШда өткөн эл аралык турнирди америкалык меценат Рекс Синкфилд уюштурган.

Ошондой эле Маматов Германиядагы шахмат бундеслигасына катышууга чакыруу алды. Ал 2025-2026-жылкы сезондо «Вольфхаген» клубунун атынан таймашат.

Маматов - спорт чебери. Ал Испанияда, Словакияда, Орусияда жана Шри-Ланкада өткөн эл аралык турнирлерде жеңген. (MiK)

Дагы караңыз

БАЭ өзбек жарандары аралашкан кылмыштардан улам визасыз режим шартын кайра карашы мүмкүнХарьков, Днепрдеги чабуул: Каза тапкандар, жараат алгандар бар Кыргызстанда БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлчүлүгү ачылат Рублдин курсу борбор азиялык мигранттарга кандай таасир этти? Акыйкатчы "Маарифтин" мугалиминин укугун коргоого чакырган кат жолдоду Reuters Трамптын Украинадагы согушту токтотуу боюнча сунушунун текстин жарыялады