Камчыбек Ташиев Орусиянын элчисин кабыл алганы кабарланды

Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 25-апрелде Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алганы кабарланды. Бул тууралуу жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жеке булактарына таянып жазышты.

Маалыматта Кыргызстанда “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган төрт адам, алардын арасындагы “Россотрудничество” уюмунун кызматкерлери тууралуу да сөз болуп, тергөө шектүүлөрдү үй камагына чыгарса болот деп жыйынтык чыгарганы жазылат.

Жолугушуу тууралуу УКМК да, Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги да комментарий бере элек. Бишкектин Биринчи май райондук соту кармалган шектүүлөрдүн бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арыз түшпөгөнүн билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ошто “жалданмачылыкка” айыптап төрт кишини кармаган. Кармалгандардын бири Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Сергей Лапушкин. Дагы бири журналист, Орусиянын “Россотрудничество” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн филиалы – Ош шаарындагы “Орус үйүнүн” кызматкери Наталья Секерина экени белгилүү болгон.

Андан тышкары С.В.Т. жана В.В.А. аттуу дагы эки адам кармалган. Булардын бири Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкери экени белгилүү болсо, орусиялык маалымат каражаттары төртүнчү шектүү Виктор Васильев экенин жазышты.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинин – “Жалдануучулук” деген айыптын биринчи бөлүгү “Башка мамлекеттердеги куралдуу жаңжалдарда же мамлекеттик бийликти кулатууга же аймактык бүтүндүгүн бузууга багытталган зомбулук аракеттерде пайдалануу максатында жалдануучуларды азгырып тартуу, каржылоо, материалдык жактан камсыз кылуу, үйрөтүү, ошондой эле жалдануучуларды согуштук жаңжалдарда же аракеттерде пайдалануу” кине коюлду.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-апрелде төрт шектүүнүн тең бөгөт чарасын карап, 17-июнга чейин камакка алган.

Атайын кызмат козголгон кылмыш иши, кармалган адамдар тууралуу маалымат бере элек. “Азаттык” Сергей Лапушкиндин, Наталья Секеринанын жакындары менен байланышканда алар комментарий берүүдөн баш тартышты.

Россотрудничество - Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ) менен иштеп, чет жакта жашаган орусиялыктар жана эл аралык гуманитардык алака менен алектенген федералдык агенттик деп айтылып келет. Бирок ал Орусиянын пропагандасын жайылтат деген сындарга кабылган.

Азербайжан быйыл “Россотрудничество” уюмунун ишин токтотуп, “Орус үйү” деген өкүлчүлүгүн жапкан. Бул уюм Бишкек жана Ош шаарларында активдүү иштейт. Орусия Украинага 2022-жылдын февралында согуш ачкандан кийин “Россотрудничество” Евробиримдиктин жана башка бир нече мамлекеттин санкциясына кирген.

“Россотрудничествонун” башчысы Евгений Примаков Ош шаарындагы “Орус үйүнүн” кызматкери, Кыргызстанда “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган Наталья Секеринаны бошотуп алышарын айтты. (BTo)

Дагы караңыз

Бекешев Мамдуманын депутаты Матвеевди персона нон-грата деп жарыялоону сунуштадыОшто жүзүн толук жапкан 300гө жакын адамга эскертүү берилди“Социал-демократтардын” иши: Сот жабырлануучуларга 12 млн сом өндүрүп берүү чечимин чыгардыБУУ: Беларуста 30дан ашык киши мажбурлоо менен психиатриялык ооруканага жаткырылган Кумтөрдөн 2024-жылы 12 тонна 552 кг алтын өндүрүлдүОрусиянын Павлоградга чабуулу үч кишинин өмүрүн алды, сегизи жабыркадыОрусиялык ЖМКлар Ошто кармалган төрт кишинин бирин Виктор Васильев деп атадыОрусиянын Киевге соккусунун курмандыктары 12ге, жараат алгандар 90го жеттиКасымалиев америкалык ишкерлерге сейрек ресурстарды иштетүүдө өнөктөш болууну сунуштады Журналисттер прокуратураны “Апрель” каналына каршы арызын кайтарып алууга чакырды