Жалдануу иши: Шектүүлөргө айып угузулду. Россотрудничество кызматкерин бошоторун жарыялады

Бишкектеги "Орус үйүнүн" кеңсеси

“Россотрудничество” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жалданмачылыкка шектелип кармалган кызматкери тууралуу маалымат берип, Наталья Секеринанын уюмда иштеп келгенин ырастады. Буга чейин Секеринаны кошкондо Ошто “жалданмачылыкка” шек саналып төрт киши кармалган.

“Согушка Кыргызстандын жарандарын жалдаган” деген айып

Ошто “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган Сергей Лапушкин жана дагы бир шектүүнүн адвокаты Эркинбек Жакубакунов “Азаттыкка” кылмыш ишинин айрым жагдайларын айтып берди.

Анын сөзүнө караганда, бир адам шектүүлөргө каршы арыз жазып ошонун негизинде иш козголгон. Кармалган төрт адамдын үчөө орус улутундагы Кыргызстандын жарандары. Адвокат дагы бир адам чет элдик экенин айтып, кайсы өлкө экенин тактаган жок. Алар Украинадагы согушка адамдарды жөнөткөн деп айыпталып жатканын, шектүүлөр мындай кинени четке какканын билдирди.

“Иштин баары ортодогу бир адамдын көрсөтмөсү менен гана болуп жатат. Азырынча конкреттүү факты жок. “Украинадагы согушка Кыргызстандын жарандарын жалдаган” деген айыпты угузушту. Бирок бул (ред: Сергей Лапушкин) “мен эч кимди үгөттөгөн эмесмин, жалдаган да эмесмин” деп күнөөнү мойнуна алган жок”, - деди ал.


"Натальяны чыгарып алабыз"

“Россотрудничествонун” башчысы Евгений Примаков Ош шаарындагы “Орус үйүнүн” кызматкери, Кыргызстанда “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган Наталья Секеринанынын кармалышы тууралуу 23-апрелде комментарий берген.

“Бул чагым. Натальяны чыгарып алабыз. Биз өзүбүздүкүлөрдү таштабайбыз. Жыйынтык чыкты: ал натыйжалуу жана жагымсыз болот”, - деп жазды ал.

“Россотрудничество” Наталья Секерина бул уюмда 2024-жылдын июль айынан бери иштеп келатканын буга чейин ырастап, аны Ош шаарындагы “Орус үйүнүн” медиа менен кызматташуу ишине жооп берген кызматкер катары сыпаттаган. Ошондой эле уюм өкмөттөр аралык келишимдин негизинде гана иш алып барарын кошумчалаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жалдануу ишине байланыштуу кармалган төрт кишини Бишкекке алып келип, соттун чечими менен алар эки айга камалганы белгилүү болгон. Азырынча иштин чоо-жайы тууралуу расмий маалымат бериле элек. Социалдык тармактардан шектүүлөр Орусиянын “Россотрудничество” уюмунун иш-чараларына катышып жүргөнүн көрүүгө болот.

Россотрудничество - Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ) менен иштер, чет жакта жашаган орусиялыктар жана эл аралык гуманитардык алака боюнча федералдык агенттик.

Өзүн Орусиянын гуманитардык таасирин арттыруу жана чет жактагы мекендештерди колдоого багытталган федералдык орган катары көрсөтүп келет.

Анын дүйнөнүн 80 мамлекетинде "Орус үйү" деп аталган 96 өкүлчүлүгү бар экени расмий маалымдаган. Түздөн-түз орус президенти Владимир Путинге баш ийет жана Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин карамагында.

Орусия Украинага басып кирген 2022-жылдын февралынан кийин Россотрудничество Евробиримдиктин жана башка бир нече мамлекеттин санкциясына кирген.

Кыргызстандын Бишкек жана Ош шаарларында "Орус үйлөрү" жигердүү иш алып барат.

“Россотрудничество” – чет өлкөдө жашаган орусиялыктарга колдоо көрсөтүү үчүн түзүлгөн федералдык аткаруу органы деп айтылганы менен Орусиянын пропагандасын жайылтат деген сындарга кабылган. Азербайжан быйыл “Россотрудничество” уюмунун ишин токтотуп, “Орус үйү” өкүлчүлүгүн жапкан.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалданууга шектелип төрт киши кармалды. Бири мэрия кызматкери

Кармалгандар кимдер?

Кармалгандардын бири Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Сергей Лапушкин. Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-апрелде анын бөгөт чарасын карап, 17-июнга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Райондук соттун маалыматына ылайык, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ага Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде кылмыш ишин козгогон.

“Башка мамлекеттердеги куралдуу жаңжалдарда же мамлекеттик бийликти кулатууга же аймактык бүтүндүгүн бузууга багытталган зомбулук аракеттерде пайдалануу максатында жалдануучуларды азгырып тартуу, каржылоо, материалдык жактан камсыз кылуу, үйрөтүү, ошондой эле жалдануучуларды согуштук жаңжалдарда же аракеттерде пайдалануу”, - деп айтылат Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинин 1-бөлүгүндө.

Бул берене менен күнөөлүү деп табылган адам жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат. Сергей Лапушкинге андан тышкары Кылмыш-жаза кодексинин 43-беренеси – “Адамдардын тобу жана алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган кылмыштын аткаруучуларынын жана кошо катышуучуларынын жоопкерчилиги” менен да айып коюлууда. Ал кармалганын Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Жумамидин Сулайманкулов да ырастады.

Жумамидин Сулайманкулов

“Жумушта отурганда укук коргоо кызматкерлери “биз менен барыш керек” деп алып кеткен. “Тергөөгө алып кеттик” дешкен. Андан кийин эле маалымат ала алган жокпуз. Эмне маселе боюнча деп сурасак эч нерсе деп айтышкан эмес. Эмнеге экенин биз деле кечээ билдик. Эч нерсесин байкаган эмеспиз. Шаарда башка адамдар менен деле мамилеси жакшы болчу. Укук коргоо органдарынын мүмкүн далилдери бардыр. Ага комментарий бере албайбыз”, - деди ал.

Жеңишбек Токторбаев Ош шаарына мэр болуп дайындалгандан бери мэриянын кызматкерлерин ээрчитип алып таң эрте көчө кыдырып, тапшырмаларды берип келет. Ал видеолордон Сергей Лапушкинди да көрүүгө болот.

Лапушкин көбүнчө мэриянын ишмердигин чагылдырган фотограф катары иштеп келген. “Азаттык” аны тааныган айрым адамдар менен сүйлөштү. Алар Сергей Лапушкиндин кармалышы күтүүсүз болгонун айтып, коюлуп жаткан кине тууралуу кабары жок экенин билдиришти.

Жеңишбек Токторбаев Ошто кызматкерлер менен көчөнү кыдырып жүргөн учур. Сергей Лапушкин оң жактан эң четте фотоаппарат көтөрүп баратат.

Ушул эле иш боюнча Ошто жергиликтүү журналист, Орусиянын “Россотрудничество” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн филиалы – “Ош шаарындагы орус үйүнүн” кызматкери Наталья Секерина да кармалган. Ага да Кылмыш-жаза кодексинин “Жалданмачылык” беренеси менен айып тагылып, камакка алынды.

“Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2025-жылдын 19-апрелиндеги чечими менен айыпталуучу С.Н.В. 2025-жылдын 17-июнуна чейин камакка алынды. Ага камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын колдонуу жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү өтүнүч берген”, - деп айтылат Бишкектин Биринчи май райондук соту “Азаттыкка” берген маалыматта.

Наталья Секеринанын Фейсбуктагы баракчасында “Ош шаарындагы орус үйүнүн” кызматкери катары материалдарды даярдап, 2024-жылы бир нече видеолорду бөлүшкөнүн көрүүгө болот. Бул уюмдун сайтында Сергей Лапушкин катышкан бир катар иш-чаралардын сүрөттөрү жана маалыматтар бар.

Наталья Секеринанын жолдошу “Азаттыкка” комментарий берүүдөн баш тартты. Ал адвокат менен кеңешип туруп жооп берерин айтып, бирок кийин байланышкан жок.

Наталья Секерина буга чейин Ошто жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында журналист катары иштеп жүргөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Сергей Лапушкин менен Наталья Секеринага козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат бере элек.

  • Биринчи май райондук соту ушул эле ишке байланыштуу дагы эки адам - С.В.Т. жана В.В.А. камакка алынганын кабарлады. Алардын толук аты-жөнү тууралуу маалыматты тактай алган жокпуз.


Кайсы өлкөдөгү куралдуу жаңжалга байланыштуу сөз болуп жатканы азырынча белгисиз. Украинадагы согуштук аракеттерге байланыштуу болушу мүмкүн деген божомол айтылып жатат. Бирок укук коргоо органдары расмий маалымат бербегени үчүн аны так айтуу мүмкүн болбой турат.

Украинада согушка катышкан кыргызстандыктар

Бирок буга чейин Орусиянын армиясынын катарында Украинада согушка катышкан үч кыргызстандык аныкталып, сот жообуна тартылган.

Украинадагы согушка катышканы үчүн соттолгон кыргызстандык Аскар Кубанычбек уулу орус армиясы менен кайрадан келишим түзгөнү кабарланган. Ал 2023-жылы Кыргызстанда жети жылга соттолуп, кийин орус бийлигинин кийлигишүүсү менен пробация менен бошотулган соң чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Орусияга чыгып кеткен.

Араванда Украинадагы согушка катышкан деп шек саналган жаран 2024-жылы беш жылга соттолсо, Нарында Орусиянын “Вагнер” менчик аскер компаниясы менен согушка барганы үчүн соттолгон Бекназар Бөрүгул уулу ошол эле жылы мунапыс менен абактан бошотулган.

Кыргызстандын мыйзамы жарандарга чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышуусуна тыюу салат. Атайын кызмат бул кылмышты жасагандар 15 жылга чейин абакка кесилерин эскертип келет.

10-апрелде Украинанын “Хочу жить” долбоору Орусия тарапта украиндерге каршы согушту деген 360 кыргызстандыктын аты-жөнүн жарыялаган. Долбоордун маалыматы боюнча, алардын кеминде 38и каза болгон.