Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:47

Кара деңиздин тагдыры, Түркиядагы жашыруун сүйлөшүү


Румыниянын деңиз аскер күчтөрүнө таандык "Regina Maria" фрегаты Кара деңизде өткөн аскердик машыгууга катышып жатат. 8-апрель, 2025-жыл.
Румыниянын деңиз аскер күчтөрүнө таандык "Regina Maria" фрегаты Кара деңизде өткөн аскердик машыгууга катышып жатат. 8-апрель, 2025-жыл.

Бир нече өлкөнүн аскер жетекчилери ушул аптада Түркиянын Аскер-деңиз флотунун Анкарадагы штабында жашыруун сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Сүйлөшүүлөрдүн максаты — Орусия менен Украина ок атышууну токтоткон учурда Кара деңиздеги коопсуздукту камсыз кылуу.

Бул сүйлөшүүлөр Түркиянын "Украинадагы көп улуттуу аскердик миссиянын деңиздик бөлүгүнүн жоопкерчилигин өзүнө алууга даяр экени" тууралуу эки европалык дипломатиялык булак билдиргенден бир нече күндөн кийин башталды.

Түркиянын ролу маанилүү

Мындай демилгеге Түркиянын аралашуусунун бир катар себептери бар.

1936-жылдагы Монтре конвенциясына ылайык, Кара деңиз аркылуу чектешпеген өлкөлөр бул аймакка чектелүү санда гана аскердик кемелерди киргизе алат жана алар бул жерде көпкө тура албайт. Ошондуктан НАТОдогу күчтүү армияга ээлик кылган Түркия табигый түрдө бул иште башкы оюнчуга айланат.

Мисалы, Түркияда 17 фрегат (аскердик кеме) болсо, Румыниянын деңиз флотунда болгону үч эле кеме бар.

“Бул маселени Европанын атынан Түркиясыз чечүү мүмкүн эмес деп ойлойм”, - деди жакында өткөн маалымат жыйында Европа саясатын анализдөө борборунун эксперти Сэм Грин.

Англия жана Франциянын аскердик кемелери да тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн алкагында Кара деңизге кезектешип келип турушу күтүлөт. Бирок бул да "ыктыярдуу коалициянын" жердеги аскердик миссиясы сыяктуу эле АКШнын колдоосуна таянышы мүмкүн.

Деңиз миссиясы кантип айырмаланат?

Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун (CSIS) маалыматына ылайык, мындай миссия аба жана спутник аркылуу чалгындоо, көзөмөл жана маалымат чогултуу иштерине негизделет.

Ошентсе да, АКШнын деңиз күчтөрү Кара деңизде буга чейин эле дайыма кеме жүрүштөрүн өткөрүп келгендиктен, алар да өз салымын кошо алат.

Жердеги аскердик аракеттерден айырмаланып, Кара деңиздеги миссия НАТОнун такай катышуусунун негизинде ишке ашат. Мисалы, жакында эле Түркия, АКШ, Британия жана Румыния баш болгон 12 өлкөнүн деңиз күчтөрү катышкан машыгуулар өткөрүлдү. 12 күн бою гибриддик, деңиз жана аба чабуулдарына каршы аракеттер көрсөтүлдү.

Миссиянын негизги максаттары - соода кемелеринин, айрыкча Украинанын дан экспортунун коопсуз жүрүшүн камсыз кылуу, ок атышууну токтотуу келишиминин сакталышын көзөмөлдөө, деңиздеги мина тазалоо иштерин жүргүзүү.

“Учурда көптөгөн порттор толугу менен жабык турат. Алар Николаев, Очаков, Херсон порттору. Калгандары расмий түрдө ачык, бирок чектөөлөр менен иштеп жатат. Миналар табылып, жок кылынууга тийиш”, — деди украин деңиз флотунун запастагы капитаны Андрий Рыженко "Настоящее время" телеканалына курган маегинде

"Украина деңизде жеңди"

Жердеги аскердик операциялардан айырмаланып, Украина өзүн деңизде жеңишке жеткендей сезет. Көптөгөн ийгиликтүү чабуулдардын натыйжасында Орусиянын деңиз күчтөрүнүн басымдуу бөлүгү Крымдагы базалардан чыгып, Новороссийскке чейин чегинүүгө аргасыз болгон.

Украин деңиз флотунун башчысы Олексий Неижпапа 8-апрелде “Азаттыктын” украин кызматына да бул сөздөрдү ырастаган.

“Украина деңизде жеңишке жетти. Биз жээктерди толугу менен коргоп жатабыз, жарандык деңиз жолдорун камсыздадык. Бирок душмандын дагы эле жарандык объектилерге, портторго жана деңиздеги кемелерге сокку уруу мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан коркунуч сакталып турат ”.

Рыженко Кара деңиздеги кемелер азыр тынч мезгилдеги маршруттар менен жүрбөй жатканын да белгилеп өттү:

“Одессадан Босфорго түз, коңшу өлкөлөрдүн жээктерин бойлой жашырынып эмес, Кара деңиздин ортосу менен жүрүү мүмкүн болууга тийиш”, - деди ал.

Рыженко бул маселе Анкарадагы сүйлөшүүлөрдүн негизги темаларынын бири экенин кошумчалады.

Жашыруун сүйлөшүүлөр

Түркиянын Коргоо министрлиги 13-апрелде бул сүйлөшүүлөр тууралуу жарыялаган, бирок кайсы өлкөлөр катышып жатканын ачыктаган эмес. Кийинчерээк НАТОнун мүчөлөрү Болгария менен Румыния, ошондой эле Грузия да катышары белгилүү болду.

15-апрелде Британиянын Коргоо министрлиги сүйлөшүүлөргө кошула турганын билдирди. Андан кийин Украин президенти Владимир Зеленский Украина менен Франция да катышып жатканын ачыктады.

“Бул деңиздеги контингент тууралуу кеп, жана Түркия болочокто деңиз коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү роль ойной алат деп ишенебиз. Бул - согуштун аякташы тууралуу эмес, ок атышуу токтогондон кийинки коопсуздук кепилдиктери тууралуу сүйлөшүү”, - деди Зеленский.

АКШ азырынча бул сүйлөшүүлөргө катышкан жок.

Макаланын автору: Ray Furlong
Которгон: Элиза Кененбаева


Шерине

XS
SM
MD
LG