Бишкекте 30га жакын чет элдикти мыйзамсыз иштетип жүргөн тигүү цехи аныкталды

Бишкектеги тигүү цехинде иштеп жүргөн чет элдиктер.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарындагы тигүү цехтеринин бири 27 чет элдик жаранды мыйзамсыз иштетип жүргөнү аныкталганын билдирди. Алардын Кыргызстанда жүрүү боюнча тиешелүү уруксат кагаздары жок болгон.

Чет өлкөлүтөр жана цехтин өкүлү Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча кызматкерлерге өткөрүлүп берилди.

Кыргызстанда соңку жылдары Индиядан, Пакистандан, Бангладештен келген эмгек мигранттары көбөйдү. Алардын көпчүлүгү тейлөө жана тигүү цехтеринде эмгектенет.

Министрлер кабинети 2024-жылга чет элдик жарандарга Кыргызстанга келип иштөөгө 25 миң квота бекитип берген. Эмгек, социалдык кымсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, анын үч миңи пайдаланылган эмес.

Мындан сырткары Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 70 миңден ашык чет элдик студент билим алат. (BTo)

Дагы караңыз

Элчи Вакунов орус тилинен тест тапшыруу кадыресе көрүнүш экенин айттыРим папасы Франциск 88 жашында дүйнөдөн кайттыКазакстандын элчилиги АКШда мыйзамсыз жүргөн жарандарын тез арада чыгып кетүүгө чакырдыСот Тилекмат Куреновду 19-майга чейин камакка алдыМамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин орто деңгээлден төмөн эмес билиши керек Үч айда үй-бүлөлүк зомбулук фактысы 28% көбөйдүЗеленский ок атышууну токтотуу Орусиянын аракетине жараша болорун айтты