Үч айда үй-бүлөлүк зомбулук фактысы 28% көбөйдү

Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы акция. Бишкек. Архив.

Кыргызстанда 2025-жылдын үч айында (январь, февраль, март) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 4597 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2024-жылдын алгачкы үч айына салыштырганда (2024-жыл 3582 факты катталган) 28% же 1015 фактыга көп.

Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен 1217 протокол түзүлүп, соттордун кароосуна жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында 393 адам коомдук ишке тартылып, 610 киши камакка алынган.

Кыргызстанда 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% же 4 212 окуяга көп.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков министрликтин 2024-жылы аткарган иши тууралуу маегинде Кыргызстанда быйыл үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөш күчөтүлөрүн айткан. (BTo)

Дагы караңыз

Орусиянын энергетика министри Путиндин "жеке билдирүүсүн" Токаевге тапшырдыКазакстандын элчилиги АКШда мыйзамсыз жүргөн жарандарын тез арада чыгып кетүүгө чакырдыЗеленский ок атышууну токтотуу Орусиянын аракетине жараша болорун айттыМосквада мигранттар кармалган мончодогу окуя боюнча үч адамга иш козголдуУкраинага каршы согушта 103 миңден көп орусиялык аскер каза тапты