Жүзүн толук жаап жүргөн адамдар мамлекеттик мекемелерге киргизилбейт

Бишкекте өткөн жыйын учурунда тартылган сүрөт.

Кыргызстанда бетин толук жаап жүргөн, ушундан улам анын ким экени аныкталбаган адамдар мамлекеттик жана муниципалдык имараттарга, мекемелерге киргизилбейт. Бул талапты бузган учурда айып пул салынат.

Бул тууралуу 18-апрелде президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин кызматкерлери Бишкек шаарынын Биринчи май районунда жүзүн жаап жүргөн адамдарга байланыштуу түшүндүрүү иштери боюнча жыйын учурунда айтты.

Ага мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кадр иштери боюнча түзүмдүк бөлүктөрүнүн өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана дин кызматкерлери катышты. Жыйында мыйзамдын талаптарын туура жана түшүнүктүү жеткирүү жолдору да талкууланды.

Президент Садыр Жапаров быйыл январь айында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Бул документке ылайык, үймө-үй кыдырып даабат айткандарга, коомдук жайларда жүзүн жашырган кийим кийгендерге 20 миң сом айып пул салынат.

Апрель айынын башында Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун аймагында жана Ош облусунда никаб кийип, жүзүн толук жаап жүргөндөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Укук коргоо органдары мыйзамды бузгандар айыпка жыгыларын эскертишкен.

Никаб - аялдардын көзү гана ачылган, калган жүзүн жаап турган баш кийим. (BTo)

Дагы караңыз

АКШ Йемендеги мунай портуна сокку урду, хуситтер 20 киши набыт болгонун билдирдиУкраина менен АКШ экономикалык өнөктөштүк боюнча меморандумга кол коюштуБашкы прокуратура 25 салыкчы айыпкы жыгылганын билдирди“Медиа платформа” Карасартованын камалышына байланыштуу өлкө жетекчилигине кайрылды Мамлекеттик “Air KG” авиакомпаниясы жоюлду Сот Канышай Мамыркулованын батирин камакка койду