Кыргызстанда Аталар күнү белгиленип жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

15-мартта Кыргызстанда алгачкы жолу Аталар күнү белгиленип жатат.

Президент Садыр Жапаров буга байланыштуу куттуктоо жолдоп, үй-бүлө институтун чыңдоодо атанын жоопкерчилиги жогорулаган бүгүнкү күнү Аталар күнүн белгилөө учурдун талабы экенин жазып, бул үчүн мыйзамды демилгелеген Жогорку Кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчынын куттуктоосу расмий сайтына жарыяланды.

"Эзелтен эле элибизде атаны аскар тоого теңеп, даңктап-даңазалап келишкен. Тарбия башаты болгон эне кут төгүлгөн үй болсо, атаны ошол үйдүн түркүгү, тирөөчү, калканычы жана коргоочусу экенин таасын белгилешкен. Мына ошол сый-урмат бара-бара адат-салтка, нарк-насилге айланып, элибизде ата менен эненин орду бийик белгиленип келет. Калкыбызда Ата Мекен, Ата Журт, Ата Конуш, журт атасы деген ыйык жана бийик сөздөр, “Атанын назарын сындырба”, “Атага наалат айттырба”, “Ата сыйлаган абийир табат”, “Атанын сөзү ок...” деген накыл кептер бекеринен айтылып калбаган чыгар. Ал эми көп элдерде кездешпеген, кыргыз элине гана мүнөздүү “жети ата” түшүнүгү өзүнчө бир философия экенин эч ким тана албас", - деп жазды президент.

Былтыр июнда Кыргызстанда 15-мартты - Аталар күнү катары жыл сайын белгилөө демилгеси көтөрүлгөн. Тиешелүү мыйзам долбоорун жазган Жогорку Кеңештин депутаттары бул үй-бүлөнү чыңдоого жана үй-бүлөдө эркектин жоопкерчилигин жогорулатууга салым кошорун белгилешкен.


Аталар күнүн белгилөө тууралуу мыйзамга президент Садыр Жапаров 2024-жылы 25-июлда кол койгон.

Аталар күнүндө дем алыш болбойт.

Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет. (ZKo)

Дагы караңыз

Бишкекте борбордук жылуулук 17-мартта өчүрүлөтОрусияда окуган түркмөнстандык студенттер тобу камакка алындыЗеленский Орусиянын Курск облусундагы аскердик операция аягына чыкканын билдирдиИзраил ХАМАСтын сунушун "психологиялык согуш" деп четке кактыЕврошаркет Орусияга санкцияларды узартты, Усмановдун карындашы тизмеден чыгарылды"Тынчтык үчүн көчөбүз". Жаңы Достук айылы түптөлөт