8-мартка караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын Донецк облусундагы Доброполье шаарына сокку уруп, кеминде беш киши каза болду. Жараат алгандардын саны 15ке жетти. Бул тууралуу облустук администрация башчысы Вадим Филашкин билдирди.
“Караңгы кирери менен орус аскерлери шаарга үч жолу сокку урду. Баштапкы маалыматка караганда, көп кабаттуу төрт үй зыян тартты”, - деп жазды Филашкин. Ал көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттүн сүрөтүн жарыялады.
Добропольеде 30 миңдей киши жашайт. Шаар айыгышкан салгылашуу жүрүп жаткан Покровск шаарынын 20 чакырым түндүк тарабында турат.
Орусия Украинага бастырып кирген үч жыл ичинде орусиялык армия Украинанын энергетикалык жана газ инфратүзүмүнө утур сокку уруп келет. Киев ага жооп иретинде Орусиянын инфратүзүмүнө (өзгөчө мунай базаларына) ракета, дрон менен чабуул коюп жатат.
Дагы караңыз
Жапаров Кыргызстан гендердик теңчилик принцибин карманарын билдирди7-март: Жапаров Шаменовго эскертүү берди, Трамп Орусияга жаңы санкция cалууну убада кылды NYT: Бир нече өлкөнүн жарандары АКШга кире албай калышы мүмкүнТрамп Ирандын жогорку руханий лидерине кат жолдогонун айтты