Президент Садыр Жапаров Кыргызстан аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана гендердик теңчилик принциптерин бекем карманарын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоосунда белгиледи.
Жапаров кыргыз эли эзелтен аялдарды урматтап-сыйлап келгенин белгилеп, алар коомдун кыймылдаткыч күчү экенин, ар тармактагы ишкана, мекемелерди ийгиликтүү жетектеп келатканын айтты. Аялдар лидерлигин илгерилетүү боюнча мамлекеттик программа ишке ашырылып жатканын кошумчалады.
“Өлкөбүздө аялдардын экономика, саясат жана коом турмушуна батыл аралашуусун камсыз кылууга багытталган 2030-жылга чейин аялдар лидерлигин илгерилетүү боюнча мамлекеттик программа ишке ашырылууда. Программанын алкагындагы иш-аракеттер кыргыз айымдарынын дараметин ачуу, алардын экономикалык көз карандысыздыгын бекемдөө жана карьералык жактан өсүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн бардык шарттарды түзүүгө өбөлгө болот”, - деп жазылган Жапаровдун куттуктоосунда.
Мамлекет башчы күн сайын өзгөрүп жаткан жаңылануу доорунда аялдардын орду бийик экенин, алардын опол тоодой эмгегинин аркасында эртеңки коом калыптанып, өнүгөрүн белгиледи.
Учурда кыргыз өкмөтүнүн курамында, башкаруу органдарында жана Жогорку Кеңеште аялдардын саны кескин азайганына байланыштуу сын-доомат айтылып келет.
Соңку кездери өлкөдө кыз-келиндерге карата зордук-зомбулук көбөйүп, үрөй учурган, адам өлүмү менен бир катар окуялар катталды. Ички иштер органдарына үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу кайрылгандардын саны 2024-жылы 32% көбөйгөн.
Human Rights Watch (HRW) эл аралык уюму соңку баяндамасында, Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жаатында маанилүү кадамдар жасалганы менен, аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулук фактыларынын көбү сотко жетпей, жабылып калып жатканы сөз болду. Алар сот адилеттигине жетүүдө көптөгөн тоскоолдуктар бар экени, баш калкалоочу жайлар жетишсиз болуп жатканын белгилеген. (КЕ)
Дагы караңыз
7-март: Жапаров Шаменовго эскертүү берди, Трамп Орусияга жаңы санкция cалууну убада кылды Трамп Орусияга каршы жаңы санкция cалууну убада кылды Жапаров Баткендин губернатору Шаменовго Достуктун тургундарына жасаган мамилеси үчүн эскертүү бердиТрамп Ирандын жогорку руханий лидерине кат жолдогонун айтты