Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык прокуратурасы шаардык ички иштер бөлүмүнүн (ШИИБ) кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун маалымдады. Ага ылайык, кылмыш иши аталган ШИИБдин М.А., К.Н. аттуу эки кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси (“Дене-бойго зомбулук колдонуу менен бийликтен аша чабуу”) жана 280-беренеси (“Алдын ала бүтүм боюнча адамдарды тобу тарабынан жасалган бейбаштык”) менен козголду.
Башкы прокуратура маалымдагандай, Майлуу-Суу ШИИБнин бул жана башка кызматкерлери өз бийлигинен аша чаап, бир нече жаранды ур-токмокко алып, зомбулук колдонгон фактылары аныкталган.
Ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Жалал-Абад облусундагы башкармалыгы тергейт. Учурда окуянын бардык жагдайлары иликтенүүдө.
Майлуу-Суу шаарында милиция кызматкерлери жергиликтүү эки тургун менен мушташканы тууралуу маалыматтар териштирилип жатканы мурдараак кабарланган. (ZKo)
Дагы караңыз
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан кеттиЖарандар ипотекага пенсиянын топтомо бөлүгүнөн 1 млрд сомдон ашык каражат колдондуБаткенде облустук бийлик имараты күн энергиясы менен камсыздалатТрамп Украина жана Орусия менен сүйлөшүүлөр пландалып жатканын айттыМилиция Бишкекте автобуста кызга ыдык көрсөткөн адамга издөө жарыялады