Сауд Арабия умрага барчуларга жаңы медициналык талап киргизди

Мекке шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Сауд Арабиясы умрага (кичи ажылыкка) барчуларга жаңы медициналык-санитардык талаптарды киргизди. Бул тууралуу 28-январда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Маалыматка караганда, бир жаштан жогорку курактагы бардык чет өлкөлүк зыяратчылар менингококк менингитине каршы эмдөөдөн өтүп, анын тастыктамасын (сертификатын) алышы керек.

Вакцинация Сауд Арабиясына барардан кеминде 10 күн мурда жүргүзүлүшү зарыл. Ал эми эмдөө жарактуулугу вакцинанын түрүнө жараша акыркы 3 же 5 жыл ичинде болушу шарт.

ТИМ умра зыяратын пландаган жарандарга Сауд Арабиясынын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтына кирип, жаңы талаптар жана сунуштар менен кеңири таанышып чыгууну сунуштады.

Буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) эмдөө маселесин 29-январда талкуулай турганын билдирген.

Мусулмандар Сауд Арабиясына ажылыктан сырткары Меккеге умрага каалаган убакта барса болот. Кыргызстанда умра сапарын уюштурган атайын фирмалар бар.

Умрага деген акчасын алдамчыларга алдырып койгонун айткан учурлар дагы катталган. (КЕ)

Дагы караңыз

Бишкектеги зоопаркта өрт чыгып, жети жаныбар өлдүМатцаковдун адвокаттары сотко ишенбестик көрсөтүп, судьялар аны четке кактыМайлуу-Сууда милиция кызматкерлери аралашкан мушташ териштириле баштадыТокмокто менчикке чыгарылган ден соолукту чыңдоо борбору мамлекетке кайтарылды