28-январдын таңында Бишкек шаарынын Октябрь районундагы реабилитациялык зоопаркта өрт чыгып, саат 08:50дө толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.
Тилсиз жоонун кесепетинен зоопарктын контейнерден салынган, ичи жыгач менен капталган 10 чарчы метр жасалгасы күйгөн. Натыйжада 7 жаныбар (6 маймыл, 1 кенгуру) өлдү.
Өрттүн себептери такталууда. ӨКМдин кызматкерлери кырсыктын кесепеттерин жоюу жана анын себебин аныктоо боюнча жеринде иш алып барууда.
Министрликтин ыкчам маалыматына ылайык, соңку суткада Кыргызстандын аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 16 күжүрмөн эсеп тартылган.
Бишкектеги реабилитациялык зоопарктын уюшулганына он жылча убакыт болду. 2022-жылкы маалыматтарга ылайык, анда жаныбарлардын 30дан ашык түрү багылчу. (ErN)
Дагы караңыз
Матцаковдун адвокаттары сотко ишенбестик көрсөтүп, судьялар аны четке кактыМайлуу-Сууда милиция кызматкерлери аралашкан мушташ териштириле баштадыТокмокто менчикке чыгарылган ден соолукту чыңдоо борбору мамлекетке кайтарылдыСоода-өнөр жай палатасы өкмөттү импорттук цементтин баасына көңүл бурууга чакырды