ӨКМ: Баткендеги соода борборунан чыккан өрт өчүрүлдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы Баткен шаарындагы "Мега" соода борборунан чыккан өрт толугу менен өчүрүлгөнүн билдирди.

Министрликтен билдиргендей, соода борборундагы өрт чыкканы тууралуу маалымат бүгүн, 6-декабрда, таңкы саат 06:04тө түшкөн. Тилсиз жоодон адам өмүрүнө коркунуч келген эмес.

Таңкы саат 08:19да чектөөгө алынган өрт саат 09:10 до толук өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн себеби жана материалдык чыгымдар такталууда.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда былтыр баш-аягы 3 497 өрт кырсыгы катталып, андан 35 адам каза болгон. 31 киши жаракат алган. Тилсиз жоо 1 млрд 410 млн 377 миң сом материалдык зыян алып келген. (MKt)

Дагы караңыз

Эсеп палатасынын кызматкерлери коррупциялык схема түзүүгө шектелүүдөМилиция чет элдик студенттерге түнкүсүн көчөгө чыкпоону сунуштады"Манас" жана "Ош" аэропортторунда коюу тумандан улам аба каттамдары кармалуудаКазакстанда камактагы журналист Мухаммедкарим өз өмүрүнө кол салдыЗеленский Орусияда туткунда алты украин шаарынын мэри кармалып турганын билдирди