Түркияда активисттер демонстранттарга каршы күч колдонууга буйрук берген өкмөттүк аткаминерлерди кызматтан кетирүүнү талап кылышты. Тынчтык демонстрацияларына полиция күч колдонгондон кийин Стамбул, Анкара жана башка шаарларда ири толкундоолор бир нече күндөн бери уланууда. Полиция менен кагылыштарда эки кишинин өмүрү кыйылып, жүздөгөн киши жараат алды.
Стамбул тынчый элек

1
Премьер-министр Эрдогандын Таксим аянтындагы шакаба сүрөтү, 5-июнь

2
Беткапчан демонстрант жолго бөгөт катары коюлган өрттөлгөн автобустун жанында, 5-июнь

3
Премьер Эрдогандын Гитлерге окшогон шакаба сүрөтү

6
4-июнда полиция чогулгандарга каршы суу бүрккөн машинелерди колдонду

7
Полиция менен кагылышканда каршылык көрсөткөндөр, 4-июнь

8
Өкмөткө каршы чыккандар Стамбулда тосмолордун жанында турушат, 4-июнь

9
Нааразылыкка чыккан жигит Таксим аянтында өрттөнүп жаткан контейнердин жанында

10
Таксим аянтында өрттөнгөн автобустун ичинде отурган демонстрант

11
Таксим аянтында ыш-түтүндүн арасында калган демонстрант, 4-июнь