5-мартта Венесуэланы 14 жыл башкарган президент Уго Чавес 58 жашында дүйнөдөн кайтты. Чавес бийликке 1999-жылы келген. 2012-жылы октябрь айында кайра президенттикке шайланган Чавестин инаугурациясы ушул жылдын 10-январына белгиленген. Бирок анын саламаттыгына байланыштуу өлкөнүн Жогорку Соту ант берүү аземин кийинкиге калтырган.
Коменданте Чавес сүрөттөрдө

1
Уго Чавес Аскерий академияда. Каракас, 1971

2
Уго Чавес энеси Eлена Фриаз жана атасы Уго де лос Рейес Чавес менен

3
Аскерий академиянын бүтүрүүчүсү лейтенант Уго Чавес, 1975

4
Уго Чавес Аскерий академиянын бүтүрүүчүсү

5
Капитан Уго Чавес, 1982

6
Уго Чавес аскерий машыгууда

7
Венесуэланын президенти Карлос Андрес Перести кулатуу үчүн төңкөрүш уюштургандар. 1992

8
Эки жылга кесилген Уго Чавес Fransisco de Yare түрмөсүндө. 1992

9
Мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети үчүн эки жыл абакта отурган Уго Чавес эркиндикке чыккандан кийин. 27-март 1994

10
Венесуэланын баш калаасындагы Уго Чавестин портрети

11
Кубанын президенти Фидел Кастро менен Уго Чавес Коммунисттик партиянын "Granma" гезитин окуп жатышат. Гавана

12
Венесуэлалык аскерлер Уго Чавес жетекчилик кылган төңкөрүш орундалбай калгандан кийин анын сүрөтүн кармап турушат, 1992

13
Венесуэла президенти Уго Чавес Ливиянын лидери Муаммар Каддафи менен учурашууда

14
Иран президенти Мохаммад Хатами Уго Чавес менен Тегеранда көрүшүүдө, 2000

15
Каракаста Беларус президентин тосуу маалында

16
Александр Лукашенко менен Уго Чавес Каракаста жолугушууда

17
Уго Чавес Армиянын күнүнө арналган парадда, Каракас. 24-июнь, 2005

18
Аргентиналык футбол жылдызы Диего Марадона менен

19
Уго Чавес Рим папасы Иоанн Павел II менен Ватиканда, 1999

20
Уго Чавес рак илдетинен дарылануу үчүн чачын алдыргандан кийин башын сылап, тамаша кылууда