2005-жылдын 13-майында Өзбекстандын Анжиян шаарында элдик толкундоого чыккандар күч менен басылган. Расмий маалыматтарга караганда, 187 киши набыт кеткен. Бейрасмий маалыматтарда жүздөгөн киши өлгөнү айтылат. Өзбек куралдуу күчтөрү менен милициясы Анжиян шаарынын борбордук аянтындагы элге ок аткан. Аянттагы куралсыз элдин арасында аялдар, балдар, карылар болгон.
Анжиян козголоңуна 10 жыл

1
Аскерлер Анжияндын борбордук аянтында элди күч менен баскандан кийин, 13-май, 2005-жыл

2
Шаардын тургундары аскерлер элге ок атканда өрттөнгөн автобустун жанынан өтүп баратышат.

3
Тургундар кагылышууда набыт кеткендердин сөөктөрүн ташууда

4
Октон жан бергендердин сөөктөрүнүн жанында бата кылышууда. Эл арасында бийликтер айрым сөөктөрдү катышкан деген сөз бар.

5
Өзбек качкын Кыргыстан менен чектеш аймактагы Барак кыштагында. Ал жерге жүздөгөн өзбектер баш калка издеп качышкан.

6
Анжияндын тургуну Чехиядагы кычкындар үйүндө.

7
Терроризмге шектелген 15 анжияндык Өзбекстандын Жогорку Сотунда, 2005-жылдын сентябры

8
Анжияндын көчөсүндө илинген президент Каримовдун сүрөтү. Өлкө бийликтери Анжияндагы окуяларды көз карандысыз иликтөөго уруксат берген эмес.

9
Брюсселдеги өзбек элчилгинин алдында демонстранттар президент Ислам Каримовго каршы митинг өткөрүүдө, 2006-жылдын май айы.