Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Сооронбай Жээнбековду президент болуп шайланышы менен куттуктап, ийгилик каалады. Ошондой эле ал Кыргызстандын жетекчилери менен бир жылда жогорку деңгээлдеги үч жолу жолугушуу болгонун, бул элдин колдоосуна татыган тарыхый учур болуп жатканын кошумчалады.
Президент Жээнбеков Ташкентке барды
Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанда эки күндүк расмий иш сапары башталды.

1
Бүгүн түштөн кийин Ташкентке барган Жээнбековду аэропорттон Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов салтанаттуу тосуп алды.

2

3

4

5

6

7
Президент Ташкентте Мустакиллик аянтында Гуманизм жана көз карандысыздык монументине, мурдагы өзбек лидери, маркум Ислам Каримовдун эстелигине гүл койду.

8

9

10

11

12

13

14

15
Мамлекет башчы иш сапарынын жүрүшүндө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, премьер-министр Абдулла Арипов, парламент спикери менен жолугуп, сүйлөшүү жүргүздү.

16
Өзбек лидери менен бир катар документтерге кол коюлат. Арасында каржы тармагындагы кызматташтык жөнүндө өкмөт аралык келишим, эки өлкөнүн Улуттук илимдер академияларынын илимий-техникалык багытта кызматташтыгы, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин, жаштар иштери, бажы тармагындагы карым-катыш тууралуу документтер бар.

17

18
Расмий сапар учурунда чек ара маселеси боюнча сүйлөшүү болот, бирок бул багытта документтерге кол коюлбайт. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын 85 пайызы такталган. Калган 15 пайызы жыл соңуна чейин макулдашылары айтылган.

19

20