Бирикменин билдиришинче, алгач аялдардын жүрүшүнө тыюу салынып, бирок коомчулуктун нааразычылыгынан кийин гана уруксат берилген. Бирок марш тынч өттү. Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында чатырлар тигилип, аялдарга укуктук кеңеш берилди.
"Башыңды көтөр, кор болбо..."
Бишкекте 8-март аялдардын күнүнө карата «Аялдардын тилектештик шаарчасы» маршы өттү. Иш-чараны «Бишкек феминисттик демилгелери» бирикмеси уюштурду.

1
Бишкекте аялдардын тилектештик маршы өтүп, ага жүздөн ашуун адам катышты.

2

3
Чогулгандар "Россия" кинотеатрынын жанынан баштап Курманжан Датканын айкелине чейин жөө барышты.

4

5
Тынчтык маршынын коопсуздугун камсыздоого милиция кызматкерлери да тартылган.

6

7

8
Жүрүшкө чыккандардын катарында саясатчы Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Рита Карасартова, активист Эдил Байсалов жана экс-депутат Асия Сасыкбаева болду.

9

10

11
Буга чейин социалдык тармактарда маршты өткөрүүгө каршы болгондор чагымчыл аракеттерге барышы ыктымал экендиги айтылган.

12

13

14

15

16
Феминисттик идеяларды карманган ондогон адамдар өткөн жылы 8-мартта да жөө жүрүшкө чыгышкан.

17
Анда аялдарга карата зомбулукту жоюу, кыз-келиндерге карата кодулоону токтотуу жана алардын укуктарын коргоо тууралуу чакырыктар айтылган.