Бишкекте көп кабаттуу имараттар козу карындай жайнаганы менен эң бийиги 18 гана кабат. Бул сүрөттөр “Россия” бизнес борборунун 18-кабатынан, борбордук сааттын үстүнөн жана калаанын түштүк тарабындагы понарамадан тартылган. Бишкекти бийиктен караган адамга түтүнү буркураган Бишкек жылуулук борборунун түтүктөрү дароо көзгө илинет. Автомашинанын көптүгүнөнбү, айтор шаардын үстүн ар дайым кара түтүн басып турарын байкоого болот.
Бишкегимди бийиктерден карасам...

1
"Айчүрөк" соода борборунун жанындагы аялдама.

2
Борбордук “Ала-Тоо” аянтынын “Россия” бизнес-борборунун 18-кабатынан карагандагы көрүнүшү.

3

4
Бийиктен караган кишиге Ак үй ушундай көрүнөт.

5
Бишкек ар дайым Борбордук жылуулук борборунан чыккан түтүндүн кучагында.

6
Борбордун эски-жаңы имараттары. Бишкектен союздан калган таберик болгон стандарттуу 9 кабат үйлөрдү да, жаңыдан тургузулуп жаткан көп кабаттуу жаңы стилдеги имараттарды да көрүүгө болот.

7
"Айчүрөк" соода борборунун сааттын үстүнөн көрүнүшү.

8
Борбордук сааттын алдында бирин-бири күткөндөр.

9

10

11
Чүй проспекти менен Байтик баатыр көчөсүнүн кесилишиндеги автотыгын.

12

13
Башкалаанын панорамадагы көрүнүшү.

14

15

16

17

18

19

20