Орус бийлигинин маалымдоосуна караганда, Украинадан Крымга электрзымдар тартылган мамылар жардырылганга байланыштуу эки миллиондой адам жарыксыз калып, региондо өзгөчө кырдаал киргизилди. Крым бийликтери 22-ноябрда генераторлорду колдонуу менен жарым аралдын ири шаарларын жарым-жартылай электр энергиясы менен камсыздалганын билдирди.
Крымга электр линиясын алып өтүү үзгүлтүккө учуратылды. Электр берүү линиясынын жанына топтолгон каршылык акциясынын катышуучулары техникалык ремонт бригадасына электр мамыларын калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк беришкен жок. Херсондогу каршылык акциясына чыккан жарандык активисттер тобу бийликтен Крымга электр энергиясын берүүнү биротоло токтотууну талап кылышууда.
Дем алыш күндөрү Украинанын Херсон районунун Чаплинка поселкосунда жарылуу болгон. Крымга блокада орнотуу боюнча жарандык акциянын штабынан билдиргенге караганда, "Крымга электр энергиясын берген линия кулап калган жана ал оңдоого жараксыз."
Крым жарым аралына электр энергиясы негизинен Украинадан келет.
Караңгылык каптаган Крым

1
Симферополдо свет жоктугуна байланыштуу массалык иш-чаралар токтотулду.

2
Украинанын Херсон облусунан келген жогорку чыңалуудагы электр линиясы үзүлүп калгандыктан Крым жарыксыз калды.

3
Жарылууга кабылган жогорку чыңалуудагы электр линиясына баруучу жолду украин жарандык активисттери тосуп жатат.

4
21нен 22-ноябрга караган түнү Крым караңгылыкка чөмүлдү.

5
Электр энергиясы өчүп калгандыктан май куюучу жайлардын көбү кардарларды тейлей алган жок. Андан тышкары, күнү-түнү кызмат көрсөткөн дарыкана, дүкөндөр иштеген эмес.

6
Крымдыктар күндүз да көптөгөн дүкөн, ресторан жана театрларга кире алышкан жок.

7
Симферопол соода үйү убактылуу жабылган.

8
Крымдагы май куюучу жайлардын көбү иштей элек.

9
Бул сыяктуу шамдар Симферополдогу базарда 25-30 рублдан сатылууда.

10
Севастополдун тургундары нан алганы кезекте турушат.

11
Крым бийликтери көчөнү жарыктандыруу электр энергияны үнөмдөө максатында азырынча токтотуларын билдирди.

12
Симферополдогу Горький көчөсү.

13
Мурда жаркырап турчу Симферополдогу Карл Маркс көчөсү азыр караңгы.

14
Симферополдогу кээ бир дүкөндөрдүн жарыгы көчөгө тийүүдө.

15
Банктарга, алардын бөлүмдөрүнө электр энергиясы берилүүдө жана күчөтүлгөн кайтарууга алынган.

16
Сатуучулар товарларын кардарларга ушундай жол менен көрсөтүүдө.

17
Симферополдогу сатуучу шам менен иштеп жатат.

18
Крым өкмөтүнүн имараты.