Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:30

Тайланд жана Камбожа атышууну токтотуу жолдорун талкуулайт


Камбожа-Тайланд чек арасындагы кагылышуудан качкан жашоочулар. 8-декабрь 2025-жыл
Камбожа-Тайланд чек арасындагы кагылышуудан качкан жашоочулар. 8-декабрь 2025-жыл

Тайланд жана Камбожанын коргоо тармагындагы расмий өкүлдөрү 24-декабрда ок атышууну токтотуу режимин калыбына келтирүү жолдорун талкууламакчы. Мындай чечим дүйшөмбүдө Куала-Лумпурда Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) башкы дипломаттарынын жыйыны маалында кабыл алынды.

Рейтер агенттиги кабарлагандай, 11 өлкөнүн тышкы иштер министрлери тараптарды карманууга жана жаңжалды токтотуу үчүн кечиктирилгис чара көрүүгө чакырышты.

Тайланд менен Камбожа 817 километрлик чек ара тилкесинде үч жумадан бери аткылашып келатат. Маалыматка караганда, бери дегенде 80 киши, катарында тайланддык аскерлер жана камбожалык карапайым жашоочулар окко учту, жарым миллиондой тургун жер которууга мажбур болду.

Быйыл июлда эки тарап кагылыша кеткенде Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим ортомчулук кылып, октябрда эки өлкө АКШнын президенти Дональд Трамп катышкан жыйында тынчтык келишимине кол койгон. Камбожа америкалык лидерди ал тургай Нобель сыйлыгына да көрсөткөн.

Эки жумадан кийин Тайланд чек арадагы мина жарылуусунан эки аскери жараат алган соң келишимди аткарууну токтоторун билдирген.

Эки өлкө ортосундагы чек ара талашы 20-кылымдын башында, Камбожа Франциянын башкаруусунда турган кезде чек ара чийилгенден бери уланып келет.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG