Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:46

Румынияда миңдеген адам сот системасындагы мыйзам бузууларга каршы митингге чыкты


Бухарестте сот системасындагы мыйзам бузууларга каршы митингге түмөндөгөн адам чыкты. 14-декабрь, 2025-жыл.
Бухарестте сот системасындагы мыйзам бузууларга каршы митингге түмөндөгөн адам чыкты. 14-декабрь, 2025-жыл.

Румынияда 15-декабрда сот тутумун “тазалоону” талап кылган нааразылык акциялары уланары күтүлүүдө. Жекшембиде баш калаа Бухарестте жана башка шаарларда миңдеген адамдар көчөгө чыгып, сот системасындагы мыйзам бузууларды ачык айтып чыккан судьялар менен прокурорлорду колдошкон.

Социалдык тармактарда жарыяланган ачык катка Румыниянын болжол менен 700 судьясы жана прокурору кол коюп, анда сот адилеттигинде “терең мыйзам бузуулар” бар экени айтылган.

Президент Никушор Дан бул кайрылууга жооп кылып, 22-декабрда сот системасынын өкүлдөрү менен кеңешмелерди өткөрөрүн билдирди.

Анын айтымында, “эгер ушунча көп адам сот адилеттигинде маселе бар экенин айтып жатса, анда абал өтө олуттуу”.

Бул ачык кат жарыяланардан мурда көз карандысыз Recorder басылмасы иликтөө чыгарган. Анда саясий колдоого ээ айрым башкы судьялар мыйзамдагы боштуктарды өзүлөрү каалагандай, туура келбеген иштерге да пайдаланып келгени айтылат.

Ошондой эле мыйзам бузууларды ачык айткан судьялар менен прокурорлор көп учурда дисциплинардык кысымга кабылары белгиленген.

Ошол эле учурда айрым судьялар бул даректүү тасманы сот системасын туруксуздаштырууга багытталган аракет деп баалашкан.

Жекшемби күнү кечинде Бухарестте болжол менен 10 миң адам жүрүш өткөрүп, “Адилеттүүлүк — коррупция эмес!”, “Биз баарын көрүп турабыз”, “Көз карандысыздык — баш ийүү эмес” деген ураандарды чакырып чыгышты. Мындай акциялар Румыниянын башка шаарларында да болду.

Адистердин айтымында, 2022-жылы кабыл алынган өзгөртүүлөр башкы судьяларга дээрлик чексиз ыйгарым укук берген. Ушул жагдай азыр айтылып жаткан мыйзам бузууларга жол ачкан.

Румыния 2007-жылы Евробиримдикке киргенден кийин Брюссель өлкөнүн сот системасын атайын көзөмөлдөп келген. Бул механизм 2023-жылы жоюлгандан кийин коррупцияга каршы иликтөөлөрдүн ыргагы жайлап, жогорку деңгээлдеги айрым өкүмдөр коррупцияга каршы күрөш солгундап бараткан жокпу деген кооптонууларды жаратты.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG