Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Садыр Жапаров Ташиевдер мунай базасын сатып, мамлекетке оорукана салып бергенин билдирди


Алийма Ташиева атындагы оорукананын имараты.
Алийма Ташиева атындагы оорукананын имараты.

Президент Садыр Жапаров Ташиевдердин үй-бүлөсү мунай базасын сатып, анын ордуна мамлекетке төрөт үйүн куруп бергенин билдирди. Бул тууралуу ал 13-майда Сузак районундагы Чокмор айылындагы жаңы төрөт үйүнүн ачылышында сүйлөп жатып билдирген.

“Мурда биздин чиновниктер дейбизби, бизнесмендер дейбизби, айтор, Кыргызстандан тапкан акчасын чет жакка чыгарып кетишип, ошол жакта бизнес ачып, завод-фабрикаларды салып, ошол жакта заңгыраган имараттарды куруп, бүгүн да ошол бизнестерин көзөмөлдөп, Кыргызстанга келе албай жүрүшкөнүн билебиз. Мына ошолор сыяктуу болбостон, Ташиевдердин үй-бүлөсү өздөрүнүн мунай базасын сатып, анын акчасына ушул төрөт үйүн салып, мамлекетке өткөрүп берип жатышат”, - деген Жапаров.

Жаңы төрөт үйү 75 орундуу төрөт бөлүмү жана 75 бала ылайыкташкан ооруканасын курууга 570 миллион сом каражат сарпталган. Ага Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин апасы Алийма Ташиеванын ысымы ыйгарылганы белгилүу болду.

Жалал-Абаддагы мунайды кайра иштетүүчү базанын Камчыбек Ташиевдин жакындарына таандык экени айтылып келген. 2022-жылы Temirov LIVE каналы Жалал-Абаддагы мунай иштеткен заводдон сатылган мазут жемкорлугуна Ташиевдин жана анын жакындарынын катышын иликтеген.

Ташиев бул тууралуу брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирилбегенин, тескерисинче өсүш болгонун, жакындары коррупцияга аралашпаганын айткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG