Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Орусия менен Украинанын Стамбулдагы сүйлөшүүсүнө Трамп да барышы мүмкүн


АКШ президенти Дональд Трамп Орусия менен Украинанын Стамбулдагы сүйлөшүүсүнө катышуусу ыктымал экенин дүйшөмбүдө билдирди.

Дүйшөмбүдө президент Трамп экинчи мөөнөтүндө алгачкы тышкы сапарга аттанып, Сауд Арабиясы, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарына барды.

Трамп 15-майда Орусия менен Украинанын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнө катышуу үчүн Стамбулга барууну ойлонуп турганын да айтты.

“Эки лидер ал жерде болсо керек деп ойлойм. Бейшембиде өзүм кайсы жерде болорумду билбейм. Бир топ жолугушуулар бар. Бирок ал жакка мен да барсамбы деп турам. Иш оңунан чыгарына бир мүмкүнчүлүк бар деп санайм”, - деди Дональд Трамп.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул сүйлөшүүгө барарын жарыялап, Стамбулдагы жолугушууга Орусия президенти Владимир Путиндин да катышуусун сунуштады.

Трамптын сөзүнө караганда, ал жолугушууга Орусиянын жана Украинанын президенттери катышат жана алар ок атышууну 30 күнгө токтотууга макул болушат.

“Менде ушундай туюм болуп жатат”, - деди Трамп журналисттер менен сүйлөшүп жатып.

10-майда Британиянын, Германиянын, Франциянын, Польшанын жана Украинанын лидерлери Киевдеги сүйлөшүүдөн кийин Орусиядан ок атышууну 30 күнгө токтотуу келишимине макул болуусун талап кылышты. Эгерде Орусия 12-майдан тарта ок атышууну токтотуудан баш тартса, орус экономикасынын энергетика жана банк секторуна катаал санкциялар салынарын эскертишкен.

Трамптын администрациясы бул эскертүүгө ачык кошулган эмес. 11-майда Трамп өзүнүн Truth Social тармагындагы баракчасына бул сүйлөшүүлөр жок дегенде “макулдашууга жетүү мүмкүнбү же мүмкүн эместигин аныктоого мүмкүндүк берет, эгер мүмкүн болбосо, анда Европа лидерлери жана Америка Кошмо Штаттары абалды түшүнүп, тиешелүү аракеттерди көрүшөт" деп жазган.

Шерине

XS
SM
MD
LG