Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:35

Бишкек Индия менен Пакистандагы абалга тынчсыздануусун билдирди


Пакистандын Муридке шаары Индиянын чабуулунан кийин.
Пакистандын Муридке шаары Индиянын чабуулунан кийин.

Индия менен Пакистан бири-бирине чабуул коюп, эки өлкөнүн чек арасында куралдуу жаңжалдын башталышына Кыргызстан тынчсыздануусун билдирди. Расмий Бишкек Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчөлөрү болгон Индия менен Пакистандын ортосундагы куралдуу кагылышуу аймактагы жана дүйнөдөгү туруктуулукка коркунуч жаратарын эскертти.

Кыргызстан эки өлкөнү сабырдуу болуп, кырдаалды андан ары курчутуп жибериши мүмкүн болгон аракеттерден алыс болууга чакырды. Андан тышкары эл аралык укуктун нормаларын жана талаштарды жөнгө салууга багытталган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) резолюцияларын сактоо маанилүү экенин белгиледи.

“Кыргызстан ШКУнун мүчөсү катары уюмга мүчө Индия менен Пакистанды жоопкерчиликке чакырып, уюмдун уставында каралган талаштарды тынч жол менен жөнгө салуу принциптерине кайтууга үндөйт. Кыргызстан эл аралык коомчулуктун чыңалууну басаңдатууга багытталган аракеттерин колдойт жана бул багытта диалогго эл аралык аянтчаларда көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирет”, - деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин кайрылуусунда.

Буга улай эле президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы расмий баракчасынан билдирүү кылып, Индия менен Пакистанды маселени тынчтык жолу менен чечүү үчүн сүйлөшүүлөргө кайтууга чакырды. Мамлекет башчы Кыргызстан туруктуулукту, коопсуздукту жана эл аралык укукту урматтоону жактай турганын кошумчалады.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргызстандыктарды абал турукташканга чейин бул өлкөлөргө барбай турууну сунуштады.

7-майга караган түнү Индия Кашмирдин Пакистанга караган аймактарына ракета жана артиллериялык чабуулун баштап, “Синдур” деп аталган кампаниясынын алкагында 9 жайды бутага алганын жарыялаган. Расмий Дели Индиянын куралдуу күчтөрү террористтик лагерлерге сокку урганын, Пакистандын бир да аскердик объектиси жабыр тартпаганын билдирген.

Пакистандын армиясынын өкүлү чабуулга кабылган жерлерде сегиз киши мерт кетип, 35и жараат алганын кабарлады. Пакистандын коргоо министри Хавиджа Мухаммад Асиф соккуга кабылган жайлардын баары - аскердик эмес объектилер экенин, расмий Исламабад Индияга татыктуу жооп кайтараарын айтты. Ага удаа эле пакистандык маалымат каражаттары Сринагар шаарындагы индиялык аскердик базага чабуул коюлганын кабарлашты.

Эки өлкөнүн алакасы 22-апрелде Индиянын Кашмир аймагында болгон окуядан кийин курчуду. Анда куралчан адамдар топтолгон элге ок чыгарып, 26 турист набыт болуп, 17 киши жараат алган. Индиянын өкмөтү бул окуяны теракт деп атаган. Расмий Дели Исламабадды теракт үчүн түздөн-түз айыптабаса да элге ок чыгаргандар “Пакистан менен байланышта” деп билдирген. Кол салган үч кишинин экөө Пакистандын жараны экени кабарланган.

Мындан соң Индия Пакистан менен болгон жалгыз чек ара бекетин жаап, Инд дарыясын пайдалануу боюнча келишимди токтотконун жарыялады. Бул келишим 1960-жылы ишке кирген.

Буга жооп катары Исламабад Дели менен сооданы токтотуп, Индиянын бардык авиакомпаниялары үчүн аба мейкиндигин жапты. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG