Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:04

Индия менен Пакистан бири-бирине аскердик чабуул койду


Кашмирдеги Пакистанга караштуу Музаффарабад шаары. 7-май, 2025-жыл.
Кашмирдеги Пакистанга караштуу Музаффарабад шаары. 7-май, 2025-жыл.

7-майга караган түнү Индия Кашмирдин Пакистанга караган аймактарына ракета жана артиллериялык чабуулун баштап, "Синдур" деп аталган кампаниясынын алкагында 9 жайды бутага алганын жарыялады. "Индиянын куралдуу күчтөрү террористтик лагерлерге сокку урду. Пакистандын бир дагы аскердик объектиси жабыркаган жок", - деп белгиледи расмий Дели.

Пакистан армиясынын өкүлү чабуулга кабылган жерлерде үч киши мерт кетип, дагы 12 адам жараат алганын билдирди. Пакистандын коргоо министри Хавиджа Мухаммад Асиф соккуга кабылган жайлардын баары - аскердик эмес объектилер экенин, расмий Исламабад Индияга татыктуу жооп кайтараарын убада кылды. Ага удаа эле пакистандык маалымат каражаттары Сринагар шаарындагы индиялык аскердик базага чабуул коюлганын кабарлашты. Кашмир чөлкөмүнүн Пакистанга караштуу айрым райондорунда жарылуу болуп, жергиликтүү эл электрсиз калганы маалымдалды.

Шерине

XS
SM
MD
LG