Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:41

БУУнун комитети сотто Жакупованын, Нарын Айыптын укугу бузулган деп тапты


Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстандын мурдагы бийлиги юрист, “Адилет” укуктук клиникасынын негиздөөчүсү Чолпон Жакупованын жана маркум журналист Нарын Айыптын укугун бузган деп тапты. Бул тууралуу комитет жарыялаган чечимде айтылат.

БУУнун комитети адвокат менен журналистке каршы 2017-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин пайдасына чыгарылган соттун чечимдерин талдап ушундай жыйынтыкка келген.

Чолпон Жакупова жана Нарын Айып Кыргызстанда өз укуктарын коргоонун башка куралы калбай калганын айтып, 2018-жылы апрель айында БУУнун комитетине кайрылып, кесиптик ишмердиги үчүн ал кездеги президенттин куугунтугуна кабылганын айтышкан.

2017-жылдын жазында ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаева “Zanoza.kg сайтына чыккан айрым материалдар ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келтирди” деп сотко беш доо арыз берген. 2017-жылы аталган сайтка Чолпон Жакупова менен маек жарыяланган.

Бишкектин Октябрь райондук соту башкы прокурордун Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргоо жөнүндө арызына ылайык, Zanoza.kg сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу чечим чыгарган. Анын ичинен басылма 15 миллион сом, журналисттер Нарын Айып 9 миллион сом, Дина Маслова 3 миллион сом доого жыгылган.

Андан тышкары “Адилет” клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова ​3 миллион сом, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Кийин Алмазбек Атамбаев бул доолордон баш тарткан.

Жогорку сот Zanoza.kg сайтын негиздеген Дина Масловага, Нарын Айыпка, укук коргоочу Чолпон Жакуповага байланыштуу райондук жана шаардык соттор чыгарган үч өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.

Бирок бул соттук доолордон соң Zanoza.kg сайты ишмердигин токтотууга аргасыз болгон. Буга чейин БУУнун комитети сотто журналист Дина Маслованын да укугу бузулган деп тапкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG