Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:07

Кыргыз-тажик чек арасындагы эки өткөрмө бекет кайра ачылды


Кыргызстан менен Тажикстандагы өткөрмө бекет. 13-март, 2025-жыл.
Кыргызстан менен Тажикстандагы өткөрмө бекет. 13-март, 2025-жыл.

13-мартта Бишкектеги “Ынтымак ордодо” Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери кол койгондон кийин Баткен районундагы “Кызыл-Бел” өткөрмө бекети эл аралык деңгээлде, ал эми Лейлек районундагы “Кайрагач” бекети эки тараптуу болуп кайра ачылды.

Ал эми эки мамлекеттин чек арасындагы калган үч өткөрмө бекетин ачуу этап-этабы менен ишке ашат.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда “Кулунду” (“Овчи-Калъача”), “Кызыл-Бел” (“Гулистон”), “Кайрагач” (“Маданият”), “Карамык” жана “Бор-Дөбө” (“Кызыл-Арт”) аттуу беш өткөрмө бекети бар.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы алака 2021-жылдын апрель айында чек арада болгон кандуу окуядан кийин солгундап кеткен. Мындан улам Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 12-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген. Сапардын алкагында 13-мартта өлкө лидерлери кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча келишимге, суу жана жолду пайдалануу боюнча макулашуулар баштаган документтерге кол коеру кабарлаган. (BTo/JsA)

Шерине

XS
SM
MD
LG