Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл камалды
Энергетика министрлиги май айынан тартып Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 26 тыйынга кымбаттай турганын билдирди. Тариф жыл сайын, инфляцияга жараша көтөрүлүп турары айтылды. БУУнун атайын баяндамачысы укук коргоочу Азиза Абдирасуловага каралоо жүрүп жатканы иликтениши керектигин билдирди. Абдирасулова коопсуздугуна байланыштуу былтыр декабрда Кыргызстандан убактылуу чет жакка чыгып кеткен. Түштүк Кореянын кызматтан убактылуу четтетилген президенти Юн Сок Ёл камалды. Президент былтыр өлкөдө күтүүсүз аскердик абал киргизген соң парламент ага импичмент жарыялаган.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 17, 2025Австралия: Бонди Бичтеги калабанын курмандыктары жерге берилди
-
Декабрь 16, 2025Мьянма: Кыргызстандык аял кулчулуктан куткарылды
-
Декабрь 15, 2025"Азаттыкка" чыккандан кийин Түркияда сот тез жүрдү
-
Декабрь 12, 2025Зеленский Донбасс маселеси чечилбей жатканын айтты
-
Декабрь 11, 2025Адахан Мадумаров 150 миң доллардын чоо-жайын айтты
-
Декабрь 10, 2025Украина согуш шартында шайлоо өткөрөбү?
Шерине