Соңку бир суткада Украина күчтөрү Херсон облусундагы Орусиянын аскердик объектилерине 15 жолу чабуул койду. Ал арада Орусия кошумча эки миңдей жоокерин Днепр дарыясынан алып өтүү аракетинде. Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу айрым жарандар акция өткөрүштү. Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун жетекчилииги менен жолугуп, чек арада кайра чыр чыгып кетүүнү алдын алуу тапшырмасын берди. Ал арада айрым депутаттар баасын кымбаттаткан Орусиянын такси компаниясынын ордуна атамекендик компания түзүүнү сунуштоодо.
Чыгарылыштар
-
Апрель 30, 2025
Журналист Канышай Мамыркулова камакта калды
-
Апрель 29, 2025
Дубай: Калайман мушташта ондон ашуун өзбек жараны кармалды
-
Апрель 29, 2025
Оштогу "Орус үйүнүн" кызматкери үй камагына чыкты
-
Апрель 25, 2025
Жалдануу иши: Ташиев Орусиянын элчиси менен жолугушту