Кыргызстанда жаңы ГЭСтин курулушу башталды
Талас облусунда жаңы ГЭСтин курулушуна капсула салынды. Өлкөдөгү суу сактагычтарда суу азайып, энергетика кризиске кептелгени айтылып жаткан. Бишкекте айдоочуну атып салган деп шек саналган милиционер тергөө бүткөнгө чейин камакка алынды. Ал эки күн мурда жолдогу араздашууда айдоочуга ок чыгарган. Казакстанда согуштук ок-дары сактаган кампадагы жарылууда өлгөндөрдүн саны 14 кишиге жетти. Жамбылдагы окуянын себептери иликтенүүдө. Бул жана башка кабарлар "Бүгүн Азаттыкта" жаңылыктар программасында.
Чыгарылыштар
-
Май 12, 2025
Стамбул: Путин менен Зеленский бетме-бет жолугабы?
-
Май 09, 2025
9-май: Украинада согуш, Орусияда майрам
-
Май 06, 2025
Айжигитов президент Жапаровго арызданды