Абылгазиев «Ак ниетти» ачты
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарындагы жаңы курулган «Ак ниет» багынын ачуу аземине катышты. Сейил багы шаардын Бекмамат Осмонов көчөсүн бойлой курулган. Долбоорго ылайык курулуш иши ушул жылдын июнь айында башталып, ага 28 млн. сом сарпталган. Эс алуу багынын узундугу 850, туурасы 15-18 метр. Чачыратма, түнкү чырактар, отургучтар орнотулган. 3000 чарчы метрге таш жана үч чакырым асфальт төшөлгөн. 800дөй бак отургузулган.
Тектеш
Чыгарылыштар
-
Апрель 27, 2025
Молдовановка: Абак айланасындагы турмуш
-
Апрель 15, 2025
Абактагы кош өлүм суроо жаратты
-
Апрель 14, 2025
Москва мончосундагы окуя: ТИМ орус элчисине нота берди
-
Апрель 12, 2025
“Ашардын” негиздөөчүсү кармалды
-
Апрель 11, 2025
"Жалган маалымат" үчүн жаза мыйзамы
-
Апрель 09, 2025
Ош мэринин шаарга кирген машинеден акы алуу сунушу