Жон Керри Борбор Азия республикаларын кыдыруусун бүгүн Бишкектен баштады. Алгач ал АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин жаңы имаратынын ачылышына катышты. Андан соң президент Алмазбек Атамбаев менен жолукту. Жолугушуудан кийин маалымат жыйында эки тараптуу сүйлөшүү ачык-айкын өткөнүн, бардык маселелер боюнча пикир алышуу болгонун билдирди. Керри Кыргызстанды парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктады. АКШ мамкатчысы бул жолугушуулардын кийин Борбор Азиядагы Америка университетинин жаңы имаратынын ачылышына катышып, студенттер менен жолукту.
Жон Керри Бишкекке келди

1

2

3
Керрини Кыргызстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эрлан Абдылдаев тосуп алды.

4
Жон Керри АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин жаңы имаратынын ачылышына катышты.

5
Элчилик бүгүнкү окуяны Кыргызстан менен достукка маани берүүнүн маанилүү символу деп атоодо.

6
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни

7
Жон Керри Борбор Азия республикаларын кыдыруусун бүгүн Бишкектен баштады.

8

9

10
Кыргызстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эрлан Абдылдаев.

11

12

13

14
Кыргызстан менен АКШнын мамилеси расмий Бишкек өлкө эгемендүүлүгүн жарыялагандан кийин эле түптөлгөн.

15

16

17

18

19
Имараттын ачылыш салтанатынан кийин Жон Керри АКШ элчилигинин жаңы имаратында өтүп жаткан көргөзмөдөн эки банка кыям менен эки куурчак сатып алды.

20
Президент Алмазбек Атамбаев менен АКШ мамкатчысы Жон Керри "Ала-Арча" резиденциясында жолукту.