Жон Керри Борбор Азия республикаларын кыдыруусун бүгүн Бишкектен баштады. Алгач ал АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин жаңы имаратынын ачылышына катышты. Андан соң президент Алмазбек Атамбаев менен жолукту. Жолугушуудан кийин маалымат жыйында эки тараптуу сүйлөшүү ачык-айкын өткөнүн, бардык маселелер боюнча пикир алышуу болгонун билдирди. Керри Кыргызстанды парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктады. АКШ мамкатчысы бул жолугушуулардын кийин Борбор Азиядагы Америка университетинин жаңы имаратынын ачылышына катышып, студенттер менен жолукту.
Жон Керри Бишкекке келди

21
АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевди Жогорку Кеңешке шайлоо ийгиликтүү өтүп, жыйынтыкталганы менен куттуктады.

22
Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эрлан Абдылдаев келерки жылы эки өлкө ортосунда түзүлгөн дипломатиялык мамилелерге 25 жыл толорун, Жон Керринин бүгүнкү сапары кызматташтыктын жаңы барагын ачарын кошумчалады.

23

24

25
Жон Керри Борбор Азиядагы Америка университетинин жаңы имаратынын ачылышына да барды.

26

27

28

29

30

31

32
Жон Керри студенттер менен жолугушууда