Декабрдан тарта электр баасынын кымбаттаганына нааразы болгон жарандар Нарын шаарындагы облустук драма театрдында энергетика министри Кубанычбек Турдубаев жана облус жетекчилери менен жолугушту. Алар өкмөттөн электр баасын мурдагы калыбында калтырууну, кышы катаал нарындыктарга жеңилдик берүүнү талап кылышты.
Нарын: нааразылар министр менен жолукту

1

2

3

4
Нарындыктар буга чейин да бир нече ирет нааразылык акцияларына чыгышкан, бирок бийлик алардын талабы аткарылгыс экенин билдирген.

5
Облустук бийлик болсо митингдерди элди козуткусу келген саясий күчтөр атайын уюштуруп жатканын айтып келет.

6
Энергетика министри Кубанычбек Турдубаев абалды түшүндүрүүгө аракет кылып жатат.

7
Электр энергиясынын жаңы тарифине ылайык, айына 700 кВт саатка чейин электр кубатын пайдалангандар 70 тыйындан, андан ашкандар 2 сом 5 тыйындан төлөө каралган.

8
Кечээ жакында өкмөт бул тарифти президенттин тапшырмасы менен 23 тыйынга арзандатты.