Бакпур-Ата: Баралбас жердин мазары
Кыргыздын жерлери кадам сайын дабалуу булак, ыйык мазар. Геосаясатка байланыштуу мындай жайлардын айрымдарына эл каалагандай, эркин каттай албай калган. Кытайдын батышындагы Манаска байланышкан жайларга Кытайдын башка жагында жашаган кыргыздар атайын уруксатсыз каттай албайт. Себеби Кыргызстан менен чек араны бойлой кеткен 100 чакырымдык тилке коопсуздук зонасы деп саналат. Тажикстандын аймагындагы укмуштуудай көрүнүшү менен адамды айран таң калтырган айтылуу Бакпур-Ата мазарына да ушул эле себептен жергиликтүү тургундар кенен-кесири бара албайт. "Мургаб ыргактары" түрмөгүнүдө бул мазарга мылтыкчан тажик аскеринин коштоосунда барып келген Жаңыл Жусупжандын видео баяны.
Чыгарылыштар
-
Апрель 14, 2025
Москва мончосундагы окуя: ТИМ орус элчисине нота берди
-
Апрель 13, 2025
Орусия: Мончодогу окуя мигранттар көйгөйүн козгоду
-
Март 14, 2025
“9400 евро акчамды бербей жатат”
-
Март 04, 2025
Нуракун уулу: Баладан мурун ата-энени агартуу керек
-
Февраль 06, 2025
Орус бийлиги "кылмыш кылган мигранттар" көбөйгөнүн билдирди