"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Президент Садыр Жапаров “Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келди” делген транспортту мыйзамдаштыруу боюнча жарлык чыгарды. Анын алкагында Орусиянын, Армениянын, Грузиянын жана Кыргызстан көз карандысыздыгын тааныбаган Абхазиянын номери менен жүргөн автоунааларга документ берилмекчи.
Билим берүү жана илим министрлиги “Сапат” билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү тууралуу билдирүү таратып, лицей-мектептерде окутуу мурдагыдай эле улантыларын жана мугалимдер кадимкидей иштей берерин маалымдады. “Сапат” “Маарифке” өткөрүлөрү 31-декабрда маалым болгон.
Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын өкмөт башчылары үч өлкөнүн чеги кесилишкен жерде жолугушуп, чек аралардын такталышын символикалуу түрдө белгилешти.
Бишкек шаардык соту төрт журналисттин ишин карап, Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Махабат Тажибек кызы менен Азамат Ишенбеков абакта калды. Газада Израилдин аба соккусунан бир нече киши каза тапты.
Акылбек Жапаров кызматтан кетип, анын милдетин биринчи орун басары Адылбек Касымалиев убактылуу аткара баштады. Израил армиясынын Газага жасаган авиасоккусунан 50дөн көп кишинин өмүрү кыйылды. Украина Орусиянын Курск облусунда кеминде 30 түндүк кореялык аскер өлгөнүн же жараат алганын билдирди.
2010-жылы бийликтен кулатылган Курманбек Бакиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Конституциялык сотко кайрылып, мурдагы президентти сыртынан соттоо үчүн колдонулган беренелерди “Баш мыйзамга каршы келет” деп таанууну өтүндү.
“Бишкек сити” эл аралык ишкердик борборун куруу үчүн түзүлгөн мамлекеттик дирекция жоюлуп, бул милдет Бишкек мэриясына жүктөлдү. Ал арада “Нарын” ресторанынын ордуна салына баштаган ошондой эле “Бишкек сити” деген аталыштагы көп тармактуу комплекстин курулушу да кечеңдеди.
Кыргызстанда “Бишкек сити” эл аралык ишкердик борборун куруу үчүн түзүлгөн мамлекеттик дирекция жоюлуп, бул милдет Бишкек мэриясына жүктөлдү. Мурдараак шаарча калаа жакасындагы Орок айылынын жанына же “Аккула” ат майданынын ордуна түшөрү маалымдалган. Бирок долбоор азырынча ишке аша элек.
Соңку эки жылда Орусиянын 17 миңдей жараны Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча арыз тапшырып, анын 6 миңи кыргыз паспортун алды. Москва Украинага кол салган соң Орусия Батыштын санкцияларына кабылып, анын жарандары башка өлкөлөрдүн жарандыгын ала башташкан.
Бүтүндөй чөлкөмдү чыңалтып келген кыргыз-тажик чек арасы боюнча мунаса табылганын айрым серепчилер чоң окуя катары сыпатташууда. Чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси, чек ара боюнча эксперт Саламат Аламанов мунун мааниси тууралуу “Азаттыкка” маек курду.
Бишкек шаардык соту Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековду, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксеверди камакта калтырды. Султанбеков саясий негизде кармалганын айтып, дээрлик 20 күндөн бери ачкачылык кармоону улантууда.
Украинанын энергетикалык объектилерине жапырт сокку урулду. Орус президенти Владимир Путин муну украин тараптын Орусиянын аймагын АКШнын ракеталары менен аткылап жатканына жооп деп сыпаттады.
Израил менен “Хезболла” ок атууну токтотууну макулдашты. Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн Казакстанга мамлекеттик сапар менен келди. Милициянын майору Тимур Абдисатар уулу ИИМге өз эрки менен келгенде кармалганын, уруп-сабоого кабылганын анын иниси айтып чыкты.
Социал-демократтардын лидери Темирлан Султанбековдун тергөө абагында ачкачылык жарыялаганына эки апта болду. АКШ Украинага америкалык ATACMS ракеталары менен Орусиянын аймагына сокку урууга уруксат бергенин расмий ырастады. Бишкектеги эски көп кабаттуу үйлөрдүн ордуна көп батирлүү үйлөр салынат.
Жыл башында кармалган 11 журналисттердин төртөөнүн иши Бишкек шаардык сотунда карала баштады. Орусия Украинада энергетикалык объектилерди, турак-жайларды жана автомашиналарды аткылады. Ноокат районунда милициянын алты кызматкери пара алууга шектелип кармалды, дагы бир кызматкер изделүүдө.
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге эң масштабдуу шайлоо башталды. Жалпы 33 шаардык кеңештеги миңдей мандат үчүн 5 миңдей талапкер ат салышууда. Мындан сырткары 231 айылдык кеңештеги 5 миңден ашуун мандат үчүн 10 миңдей жаран жарышка түштү.
1992-жылы СССРдин паспорту менен Эстониядан Кыргызстанга келип, кийин документин жоготуп ийген Юрий Гичко ошол бойдон мекенине кайта албай жүрөт. Анын документтерин калыбына келтирүү аракеттеринен майнап чыккан эмес.
Орусиянын Курск аймагында украин аскерлери алгачкы жолу түндүк кореялыктар менен кагылышты. Кыргызстанда басма сөз күнү белгиленүүдө. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу ноябрдын аягында башталары маалымдалды.
Бишкекте Эрдоган менен Жапаров менен жолукту. АКШда президенттик шайлоо өтүп жатат. Сот депутаттыкка талапкер Б. Дүйшөналиевди тил кат менен камактан бошотту. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев сот жообуна тартылып абакта жаткан журналисттердин маселесин көтөрө турганын билдирди.
Дагы жүктөңүз