"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Парламент жайкы эс алууга кетер алдында 50дөн ашык мыйзам жана токтом долбоорлорун топ-тобу менен кабыл алды. Арасында талаштуу документтер да шашылыш өткөрүлдү. Армения менен Азербайжандын министрлери Вашингтондо тынчтык сүйлөшүүсүн өткөрүп жаткан маалда, Тоолуу Карабакта атышуу болду.
Бишкекте биринчи ачылган казино экс-депутат Арзыбек Буркановдун баласыныкы экени белгилүү болду. Украин президенти Зеленский армиясы фронтто алдыга жылганын жарыялады. Орусияда "Вагнердин" башчысы Евгений Пригожинге козголгон кылмыш иши токтотулду.
Парламенттин күн тартибинен “чет өлкөлүк өкүл” тууралуу талаштуу мыйзам долбоору алды. 24 сааттын ичинде Кремлге сес көрсөтүп, коркунуч жараткан «Вагнердин» башчысы Евгений Пригожин азыр кайда экени белгисиз. Бельгиянын банкы Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун активдерин камакка алды.
Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова баштаган мыйзамчылар тобу бейөкмөт уюмдарга “чет элдик өкүл” макамын берүү тууралуу мыйзам долбоорун парламентке киргизди. “Азаттык” түшүндүрмө видеодо бул документтин тарыхына көңүл буруп, андагы тобокелдиктерди талдады.
Бишкек шаарында таза суунун тартыштыгы ушул күндөрү эң соң көйгөйгө айланды. Украинанын президенти Владимир Зеленский суу алдында калган Херсон облусуна барды. Тажикстандын аймагында курал-жарак менен жүргөн ондогон ооган жараны кармалды.
Херсон облусундагы Кахов ГЭСинин дамбасындагы жардыруудан улам он миңдеген адам коопсуз аймактарга көчүрүлдү. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" жана "Кең-Булуң" өткөрмө бекеттеринде узун кезек пайда болду. Күн ысыгандан бери Бишкектин айрым райондорунун тургундары күн алыс ичүүчү суу чыкпай
Кытайдын лидери Си Цзинпинь Борбор Азияга 4 миллиард доллардай жардам берерин жар салды. Адистер муну менен Бээжин Орусиянын таасириндеги чөлкөмдө лидерликти колго алды деп баалашты.
Бишкектин Ленин райондук соту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин арызын канааттандырып, "Азаттык Медианын" ишмердигин токтотуу чечимин чыгарды. "Азаттык" Бишкек шаардык сотуна арызданганы жатат. Украинада майданда бир нече багытта катуу кармаш уланууда.
Дагы жүктөңүз