2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.
Казакстандын Астана шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Азиялык лицензиялык мелдеште кыргызстандык төрт балбан Олимп оюндарына жолдомо алды.
Астана шаарында аяктаган спорттук күрөш боюнча Азиялык лицензиялык мелдеште кыргыз балбандары олимпиадага төрт жолдомо утушту.
Кыргызстандык балбандар Таиланддын Бангкок шаарында өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунда үч алтын, эки күмүш, беш коло байгенин ээси болушту.
Кыргызстандык балбандар Таиланддын Бангкок шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугунда үч алтын, эки күмүш, беш коло байгенин ээси болушту. Грек-рим күрөшүнөн Каныбек Жолчубеков, Жанарбек Кенжеев жана кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова Азия чемпиону аталышты.
Футзал боюнча ушул күндөрү Ташкенде өтүп жаткан Азия чемпиондугунда Кыргызстан чейрек финалга чыкты.
Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган эл аралык бокс мелдеши өтүүдө.
"Азаттык" 2015-жылдагы кыргыз спортундагы жетишкендиктер жана оор жоготуулар тууралуу сөз кылат.
Кыргызстандын таанымал инсандары узап бараткан 2015-жылдагы ийгиликтер жана өксүктөр тууралуу айтып, 2016-жылы тилеген тилектери, элге каалоолорун “Азаттык” аркылуу бөлүштү.
Узап бара жаткан 2015-жылы "Азаттык" бир катар сынактарды уюштуруп, кабарчыларыбыз эл аралык сыйлыктарды жеңип алды.
Бишкекте 8-декабрда бодибилдинг жана фитнес боюнча Кыргызстандын ачык чемпиондугу жана Борбор Азиянын биринчи чемпиондугу өттү. Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Монголиядан 50дөн ашуун кыз-келиндер жана эркектер катышты. Спортчуларга байгелер 10 категорияда ыйгарылды.
Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда дзюдо боюнча кыз-келиндер жана эркектер арасында Кыргызстандын чемпиондугу башталды. Мелдеш жекшемби, 29-ноябрда жыйынтыкталат.
Бишкекте кыз келиндер жана эркектер арасында бокс боюнча Кыргызстандын чемпиондугу аяктады. 19-ноябрда башталган мелдештер төрт күнгө созулуп, Кыргызстандын улуттук курамасына кире турган спортчулардын тизмелери аныкталды.
17-ноябрда Бишкекте Кыргызстан менен Иорданиянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын кезектеги беттеши болот. Бул оюн 2018-жылы боло турган Дүйнө чемпиондугуна жана 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында өтүүдө.
Шералы Сыдыков атындагы спорт мектебинин камактагы беш окуучусунун ата-энеси президентке, премьер-министрге кайрылуу жолдошту.
Кыргызстандык 18 жаштагы Дастан Лепшаков Финляндияда бильярддын "Динамикалык пирамида" түрү боюнча дүйнө чемпиону болду. Ал финалда беларустук Евгений Салтовскийди 7:1 эсебинде утуп бул сыймыкка татыды.
Кыргызстандык балбан Чынарбек Изабеков эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болду. 13-18-октябрь күндөрү 35тен 70 жашка чейинки ардагерлердин ортосунда Грецияда өткөн мелдешке 70 өлкөдөн спортчулар катышты.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Бангладештин командасын 2:0 эсебинде утуп алды. Оюндагы голдор Виталий Люкс жана Ильдар Амировго таандык.
Кечээ, 8-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши 2-2 эсеби менен аяктады.
Дагы жүктөңүз