"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
Орусияда түрмөдө табышмактуу жагдайда каза болгон оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын жесири Юлия Навальная күйөөсүнүн ишин улантууга убада берди. Ал үч жылдан бери темир тор артында отурган күйөөсүн "Путин өлтүргөнүн", жакында бул кылмышты жасагандардын аты-жөнүн аташарын билдирди.
Фейсбук февралда 20 жашка толду. Ага айына жок эле дегенде бир жолудан үч миллиард киши баш багат. Бул планетадагы ар бир үчүнчү адам дегенди билдирет. Алгач студенттердин баарлашуусу үчүн ачылган сайт дүйнөдөгү окуяларга таасирин тийгизген порталга кантип айланды?
Орусияда оппозиционер саясатчы Алексей Навальный түрмөдө каза болгонун 16-февралда орус медиасы Федералдык жаза аткаруу кызматына таянып кабарлады. 47 жаштагы оппозиционер 2021-жылдын январь айынан бери камакта отурган.
Орусиянын армиясы 15-февралга караган түнү Украинанын аймагына кайрадан жапырт ракеталык сокку урду. Баш калаа Киевде, Запорожье жана Львов шаарларында жардыруулар болгону маалымдалды.
Израил менен ХАМАС радикал тобунун ортосундагы ок атышууну токтотуу боюнча Каирде өткөн сүйлөшүүлөрдөн азырынча жыйынтык чыга элек. Жолугушууга Израил, АКШ, Египет жана Катардын жогорку даражалуу өкүлдөрү катышты.
Орус армиясынын Украинанын аймагына 13-февралга караган түнкү аба соккуларынан кеминде үч кишинин өмүрү кыйылды, бир катар маанилүү энергетикалык инфратүзүмдөр жабыркады.
6-февралда Орусиянын Иркутск шаарындагы №6 түрмөдө жазасын өтөп жаткан Тахиржон Бакиев көз жумду. Ал буга чейин абакта кыйноого кабылып, зордукталганын ачык айтып, түрмөнүн жетекчилери жоопко тартылган.
Германиянын коргоо министри Борис Писториус Берлин алдыдагы жылдарда Москва менен тирешке даяр болушу керек экенин бир нече ирет эскертти.
Жакында эле орус армиясынын катарында согушкан кыргыз жигит “Ооба, кыргызмын, бирок өзүмдү орусиялык сезем" деп айтты.
Израил менен ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюму эки айга ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууну жактырууга жакындап калышты. Израил ортомчулардын жаңы сунушуна макулдугун билдирип жатканын 30-январда Би-Би-Си жазды.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 2023-жылы 22 миң киши эмдөөдөн баш тартканын билдирди. Өткөн жылдан бери кызамык күч алып, эки жылда тогуз бала чарчап калды. Вакцинадан баш тарткандардын көбү мындай чечимге диний түшүнүктөн улам барганы айтылат. Дүйнөдө да оору жайылып баратат.
Украин армиясында ири коррупциялык схеманын бети ачылды. Өлкөнүн Коопсуздук кызматы билдиргендей, Коргоо министрлигинин жогорку даражалуу өкүлдөрү "Львов арсеналы" компаниясынын жетекчилиги менен бирге курал-жабдык алууга бөлүнгөн 40 миллион доллардай акчаны кымырып алышкан.
Журналисттерди коргоо комитети билдиргендей, 2023-жылы дүйнөдө түрмөгө камалган журналисттердин саны кескин өстү. Беларус, Орусия сыяктуу мамлекеттер көз карандысыз маалымат каражаттарынын оозун жабуу үчүн “экстремизм” жана “мамлекеттик түзүлүшкө каршы чыкты” деген сыяктуу мыйзамдарды колдонгон.
18-январдын таңында Пакистан коңшу Ирандын аймагында жоочулар жашырынган жайларга сокку урганын билдирди. Тегеран тараткан маалыматка ылайык, чабуулда кеминде тогуз кишинин өмүрү кыйылды. Алардын арасында төрт бала, үч аял бар.
17-январда Страсбургда Европарламентте Борбор Азия боюнча резолюция добушка коюлуп, жактырылды. Аны парламенттеги 629 депутаттын 543ү колдоду. Резолюцияда «бийлик башындагы авторитардык режимдерге адам укугу жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин сактоого» чакырык ташталган.
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ирактын Күрдстан автоном аймагындагы жана Сириядагы Тегеранга каршы күчтөргө сокку урганын билдирди. Маалыматка караганда, баллистикалык ракеталар менен Израилдин чалгын кызматы - Моссаддын “тыңчылар” кеңсеси жок кылынды.
Дагы жүктөңүз