"Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.
Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын кызматкерлери аттестациядан өтүп жатат. Маданият министрлигинин маалыматында, бул театрдагы кызматкерлердин чеберчилигин арттыруу жана ээлеген кызмат ордуна татыктуу экенин баалоо максатында жасалууда.
Белгилүү обончу, аткаруучу Бакыт Капаров 55 жашында акка моюн сунду. Буга чейин ал инсульт алып, клиникалык тез жардам ооруканасына түшкөнү маалым болгон. Сахналаштарынын айтымында ал комага түшкөн бойдон өзүнө келбей, көз жумуп кете берди.
Улуттук “Манас” театры Бишкекте “Андай эмес” деп аталган айтыш-концертин тартуулады. Уюштуруучулар бул кечени акындардын дарегине айтылган айрым сындарга жооп катары уюштурганын айтышат. Эл төкмө акындарды адилеттикти туу тутуп ырдаган өнөр ээси деп билет.
Чүй облустук милициясы журналист Эрмек Аттокуровду “Опузалап талап кылуу” беренеси боюнча шек санап кармады. Ал өткөн жылы жазында кошунасы үйүнө келип сабаганын айтып, Чүй облустук милициясы чара көрбөй жатканына даттанган эле. Ошол окуялардан кийин ИИМди соцтармактар аркылуу сындап жүргөн.
Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" тарыхый романын сериал кылып тартуу демилгеси көтөрүлдү. Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев тасма үчүн баштапкы каражат бөлүнгөнүн жарыялады.
Каракол шаарында көк бөрү боюнча облустук турнирде 24 жаштагы улакчы башынан катуу жараат алып, комага түштү. Ага операция жасалганы менен, абалы оор экени кабарланууда. Бул окуя оюн маалындагы коопсуздук маселесин кайра козгоду.
Белгилүү кинорежиссёр, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз “Монпарнас” деп аталган жаңы адабий журналды негиздеп, ага чыгармалары жарыяланган акын-жазуучуларга калем акы төлөп берүүдө. Бул демилгенин максаты - кыргыз тили менен адабиятын өнүктүрүү.
Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакиров акыркы сапарга узатылды. 84 жашында дүйнөдөн кайткан жазуучу ондогон аңгеме, повесть, романдарды жазып, айрым чет элдик жазуучулардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Калык Акиев атындагы Жумгал райондук музыкалык драма театры Бишкекте атактуу ырчы Мыскал Өмүркановага арналган "Жаша, Мыскал!" аттуу спектаклди койду. Чыгармада ырчынын чыгармачыл жолу эле эмес, жеке тагдыры, ички арманы чагылдырылган.
18-январга караган түнү Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылындагы жаңы эле курулуп бүткөн мансард тибиндеги үй өрттөнүп кетти. Бактыга жараша, үй-бүлө мүчөлөрү аман, бирок турак жай жараксыз абалга келгендиктен, алар сууктун күнүндө айласын таппай турушат.
Президент Садыр Жапаров айрым мамлекеттик сыйлыктарды жоюу же тийиштүү талаптарды күчөтүү маселесин атайын комиссия карап чыгарын билдирди. Президент бул тууралуу соңку мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруудан кийинки талкууларга жооп берип жатып айтты.
Атактуу төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин көзү тирүү болгондо быйыл 17-январда 46 жашка чыкмак. Акындын туулган күнүн утурлай "Айтыш" коомдук фондундагы шакирттери өзү түптөп кеткен “Төкмө келсе төр бошот” долбоорунун негизинде эскерүү концертин тартуулашты.
Бирок учурда жазуучунун абалы андан да оорлошуп кеткени маалым болду. Калемгер учурда жардамга муктаж болуп турат.
Кыргызпатент мамлекеттик мекемеси жыл сайын чыгарып келе жаткан “Саамалык” ырлар жыйнагынын 2023-жылкы басылышында жаш акын Бүкалча Маматали кызынын сегиз ыры башка автор тарабынан жарыяланып кеткени белгилүү болду.
Жаңы жыл алдында мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинде эстрада ырчысы Нурлан Насиптин композитор катары тааныштырылганы социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Айрымдар ырчыны колдоого алса, башкалар обончу менен композиторду айырмалай албай калган деңгээлге жеттик деп сын-пикирлерди калтырууда.
2023-жыл Кыргызстандын маданият тармагындагы чоң жоготуулары, урунттуу окуялары менен эсте калды. "Кыргыз кереметинин" акыркы могиканы аталган режиссер Геннадий Базаров, "Кыргыз Павороттиси" атка конгон опера ырчысы Сталбек Алмасбеков баш болгон таланттар дүйнө салды.
Meta team “Азаттыктын” студиясында жаңы жылдык ыр белегин тартуулады.
"Эсимде” изилдөө аянтчасы Эл жазуучусу, 80-жылдардын соңундагы Кыргызстандагы демократиялык кыймылынын лидерлеринин бири Казат Акматовду эскерүү иш-чарасын өткөрдү.
Парламент туунун элементтерин өзгөртүүнү колдогондон кийин социалдык тармактын колдонуучулары желектин өзгөрүшүнө каршы постторду жарыялап, түрдүү флешмобдорду өткөрүүдө. Элге таанымал маданий ишмерлер, окумуштуулар да пикирлерин ачык жазууда.
Улуттук адабият күнүндө Жазуучулар союзу “Алтын калем” сыйлыгын жеңген жети калемгердин ысымын жарыялады. Алардын ичинен Молдоакмат Бапаковго байланыштуу кызуу талкуу жаралды. Айрымдар “Алтын калемди” жеңген акынды плагиаттыкка айыптап жатышат. Автор мындай айыптоолорду четке кагууда.
Дагы жүктөңүз