"Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейинде XVI – XX кылымдардагы Батыш Европа көркөм сүрөт чеберлеринин көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөнүн алкагында 82 чыгармадан турган жыйнак коюлган. Алардын көпчүлүк бөлүгү 1947-жылы Мамлекеттик эрмитаждын коллекциясынан келип түшкөн.
2017-жылдын октябрь айында Памирден Кыргызстанга көчүрүлүп келген бир ууч этникалык кыргыздардын арасында 16 жаштагы Турганбай Абдулвахид уулу да бар болчу.
Бүгүнкү күндө кыргыз коомчулугунда сүрөтчүлөрдү кандай баалашат? Сүрөт дүйнөсү деген эмне? Калем менен жандуу турмушту тарта билген талант көкүрөгүндө уялаган сүрөтчү Садык Мурзаханов менен бул өнөрдүн түйшүгү, мээнети тууралуу айтып берди.
Кыргызстандык кинорежиссер Ибадылла Ажибаевдин "Мугалим" аттуу даректуү тасмасы Түркиянын Анкара шаарында өткөн фестивалда баш байгени жеңип алды. Анда Жумгалдын Кең-Суу айылындагы өз үйүн мектепке айланткан мугалим тууралуу баяндалат.