"Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.
Жаш пианист Дильназ Бакытбекова 11 жыл бою Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин фортепиано бөлүмүндө окуган. Ал пандемия маалында да эл аралык сынактарга онлайн катышып, ийгиликтерге жетише алды. Дильназ азыр өзү сыяктуу кыялынын артынан түшкөн окуучуларды тарбиялап жатат.
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде "Эрип жаткан мөңгүлөрдүн бийи" аттуу сүрөт көргөзмө өтүүдө. Анда Кыргызстандагы жана Швейцариядагы мөңгүлөрдүн сүрөтү коюлду.
Кыргызстандык Нурмухаммад Ташмаматов нунчак менен теннис боюнча Гиннесттин рекорддор китебине кирүүгө аракет кылды. Ал буга чейин рекорддун эки баскычынан ийгиликтүү өткөн
Борбордо “Айтыш” коомдук фондунун 20 жылдыгына жана Эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына карата республикалык айтыш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.
Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын эмгек жамааты майда Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестинин негизинде сахналаштырылган “Эсимде” аттуу спектаклди тартуулады.
Жаш акындардын катарын толуктаган Гүлүмкан Исаева соңку убакта котормочулук менен көбүрөөк алектене баштады. Ал өзгөчө өзбек акындарынын ырларын которууга басым жасоодо. “Азаттык” Гүлүмкандын адабият тууралуу ой-толгоолору, чыгармачылыгы менен тааныштырат.
Анда 14 жаштан 18 жашка чейинки биринчи категориядагы пианисттерден баш байгени Дильназ Бакытбекова жеңип алса, 18 жаштан 25 жашка чейинки таланттар арасында гран-приге Ибраимова Алтынай татыктуу болду.
Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынан кеминде жети артист жумуштан кетти. Арасында жогорку даражадагы артист Екатерина Белоус, эмгек сиңирген артист Марат Сыдыков баштаган өнөрпоздор бар. Алар театрдын башкы балетмейстери Акан Нуртазин менен иштешүүнү каалабай жатышат.
Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү куудул, сатирик Рахман Разыков 7-июнга караган түнү коронавирустан кайтыш болду. Жакындарынын билдиришинче, ал вирус жугузуп алгандан кийин пневмония менен ооруп, Ош шаарындагы ооруканалардын биринде жаткан.
Ага быйыл "Фортепиано" номинациясында 14-18 жана 19-25 жаш курактагы он өнөрпоз жарышат.
Кыргызстанда соңку жылдары ийгиликтүү болууну, маңыздуу жашоону үйрөткөн мотивациялык китептер көбүрөөк сатыла баштады. Окурмандар жана китеп соодасы менен алектенгендер бул көрүнүшкө кандай баа берет?
23 жаштагы Марлен Матназаров балдар үчүн “Бай бала” деп аталган жомок китеп чыгарды. Анда жети жомок камтылып, 1000 нускада басылган. Учурда балдар кандай жомокторго кызыгат? Жомок китептер гаджет дүйнөсүнөн алыстата алабы?
Кыргыз Эл артисти, композитор Түгөлбай Казаков быйыл 70 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Жакында ал отчёттук концертин берди.
Бишкекте "Эсимде" талкуу аянтчасы чыгарган "Чиеш Тагдырлар II" китебинин бет ачары өттү. Анда Совет доорунда, XX кылымдагы репрессиядан аман калган 12 адамдын жеке окуялары чагылдырылган. Китептин бет ачарына белгилүү коомдук жана саясий ишмерлер катышты.
Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү Данакан Адашканованын көргөзмөсү өтүүдө. Экспозицияда жалпысынан сүрөтчүнүн 83 эмгеги коюлду. Алар көркөм сүрөт музейинин фондунан, жеке коллекциялардан жана үй-бүлөсүнүн жеке фондунан чогултулган. Сүрөтчү бир жыл мурда 69 жашында жүрөк оо
25-майда Улуттук филармониянын кичи залында пианист, Гнессин атындагы Орусиянын музыкалык академиясынын бүтүрүүчүсү Талгат Аракеев элге жеке концертин тартуулады. Фортепиано музыкасынын сүйүүчүлөрү үчүн бул жагымдуу жаңылык болду. Анткени Аракеев күйөрмандарына француз элинин мыкты делген композитор
Кыргызстандын эгемендигине жана демократиялык өнүгүүсүнө салым кошкон коомдук ишмер Жыпар Жекшеевдин жаркын элесине арналган илимий-тажрыйбалык жыйын өтүп, анын "Атуулдук ар-намыс ойгонгондо" аттуу китебинин бет ачары болду.
Акын, котормочу Манас Алымбаев көр тирликтин айынан чыгармачыл чөйрөдөн алыстап кеткен. Дээрлик он жылдан ашык тыныгуудан кийин ал кайрадан жаңы дем менен чыгармачылыкка кайтты. Ал учурда жаңы котормолор менен иштеп жатат.
“Супара” этнокомплексиндеги музейде жаш кол өнөрчү Акылбек Каныбек уулунун миниатюралык композициялары коюлган. Алар "Өнөр айылы", "Улуу көч", "Көк бөрү" деп аталган үч бөлүктөн туруп, жалпысынан 700гө жакын экспонатты камтып турат. Экспонаттардын көлөмү колдун манжасындай болгону менен, бир топ түй
Дагы жүктөңүз