"Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.
Гонконгдо нааразылык акциясына чыккандарды тынчытууга чара көргөн учурда полиция кызматкери жеке коопсуздугу үчүн алардын бирине ок атты.
Норвегияда миграциялык мыйзам бузуулар менен кармалган казакстандыктар арасында кыргыз жарандары бар-жогу такталууда.
Кыргызстандыктар орусиялык журналисттен кечирим суроону талап кылышууда.
Үч жыл мурда Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндарында салмоор таш ыргытуу боюнча дүйнө чемпиону болгон тажик спортчусу Дилшод Назаров кызытмага байланыштуу шек саналууда.
Орусиядагы Илимдер академиясынын 50дөн ашык кызматкери бийликти репрессивдүү саясатты токтотууга чакырды.
Орусияда террордук ишмердүүлүккө айыпталып, беш жыл түрмөдө отурган украиналык режиссер Олег Сенцов «Украинаны кул кылгысы келген» Владимир Путиндин бийлигин айыптады.
WADA Орусияны ушул жылдын башында «допингге байланыштуу жалган маалымат берген» деп күнөөлөдү.
АКШ кытай бийлигинин Шинжаңдагы мусулмандарга карата саясатын «өз элин тыптыйпыл жок кылуу аракети» деп баалады.
Анарбек Орунбеков 2008-жылдан бери Москвада көп кабаттуу үйдө вахтер болуп иштейт. Балдарын эки-үч жылда бир көргөн мекендештин жашоосу сагыныч менен өтөт. Орусияда жүргөн Анарбектин баянын сунуш кылабыз.
Орусиядагы тажикстандык мигранттар өз партиясын негиздеп жатышат.
17-сентябрда Израилде парламенттик шайлоо өтүп жатат.
Шинжаңда ата-энелеринен атайылап ажыратылып, интернаттарда тарбияланып жаткан мусулмандардын балдарынын саны белгисиз.
Калиевдердин үй-бүлөсү Караколдун айтылуу ашлямфусун Москвада жасап сатышат. Мигранттын чакан батиринде башталган бул бизнес азыр бир нукка түшкөн. Бул тамакты эңсеп ичкендердин саны арбын. Жубайлар ашлямфу үчүн керектүү азыктарды Кыргызстандан гана алдырышат.
Өзбекстан 1,5 миллард калкы бар Кытайга кыска мөөнөттүү визасыз режим киргизди.
Орусия акыркы үч жума ичинде Кыргызстандан ташылган тонналаган жашылча-жемишти өз аймагына киргизүүдөн баш тартты.
Израилде парламенттик шайлоонун алдында, талаштуу Иордандын Батыш жээгин аннексиялоо боюнча убадалар жаңырды.
8-сентябрда Орусияда өткөн аймактык жана жергиликтүү шайлоодо бийликтен көрсөтүлгөн талапкерлердин басымдуусу жеңишке жетти. Бир гана Москва шаардык думасында оппозициянын 20 өкүлү депутаттык мандат ала турган болду.
Орусияда өзбекстандык мигранттар тамак жасаган майга ууланышкан.
Орусияда эми беш килограммдан ашык жашылча-жемиш документи жок чек арадан өткөрүлбөйт.
Үч айда Орусияга 2,5 миллион адам ишке келген.
Дагы жүктөңүз