Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсебине 10 млн. 846 миң сом түшкөн, анын ичинен 4 млн. 380 миң сом азык-түлүк сатып алып, таратууга жумшалды. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова жардамды бөлүштүрүү иштери тууралуу "Азаттык" менен маектешти.
Карантин учурунда онлайн кызмат көрсөтүп жаткан ишкерлер көбөйдү. Алар кардарлардын үйлөрүнө азык-түлүк, дары-дармек жана гигиеналык каражаттарды жеткирип жатат. Бирок Бишкекте өзгөчө абал киргенден бери жеткирип берүү кызматынын иши оорлоду. Адистер мындай абал жарандардын экономикалык сабаттуулугун текшере турганын белгилеп, коомчулукту акчаны үнөмдөөгө чакырышат.
Коронавируска байланыштуу Чүй облусунун аймагында жана Бишкек шаарынын айланасында жалпы 36 блокпост орнотулду.
22-мартта Бүткүл дүйнөлүк суу ресурстарынын күнү (World Day of Water) белгиленет. Мындай чечим 1992-жылы 22-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунда кабыл алынган.
Нарындагы "Ага Хан" фонду ачкан Борбор Азия университетинин ректору, профессор Сохаил Накви Пакистандагы билим берүү рейтинги эң төмөн болгон Лахор университетин бир нече жылдын ичинде эл аралык деңгээлдеги мыкты окуу жайлардын катарына кошкон.
Кыргызстанда тигүү цехтери беткап тигип, ишканалар гигиеналык каражат өндүрө баштады. Учурда социалдык тармактарда дарыканаларда медициналык беткап калбай калганы, кымбат сатылып жатканы байма-бай жазылууда.
Кыргыз өкмөтү 19-марттан тартып чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстандын аймагына киргизүүнү убактылуу чектөө боюнча токтом кабыл алганын тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов 18-марттагы басма сөз жыйынында билдирди.
Коронавируска байланыштуу Казакстан менен Өзбекстан чет өлкөлүктөрдү киргизүүгө тыюу салган чечим кабыл алган соң чек арада текшерүү күчөдү. "Азаттыктын" журналисттери «Ак-Тилек» көзөмөл бекетине барып, кырдаалды жеринен көрүп келишти.
Кыргыз театрынын кийинки муундагы таланттуу актерлорунун бири Данияр Жанжигитов учурда 1937-жылы курулган эски үйдө жашайт. Ал акыркы жылдарда сахнада Индия эпосторундагы хандардын, Айтматовдун чыгармаларында башкы ролдорду ийгиликтүү ойноп, театр күйөрмандарынын сүймөнчүлүгүнө айланган.
Кыргызстанда медиа тармагындагы реформаларды колдоого багытталган «Медиа Диалог» аттуу долбоор башталды. 12-мартта долбоордун башталышы боюнча иш-чарага эл аралык уюмдардын, өкмөттүн, парламенттин, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер катышты. Анын жүрүшүндө Кыргызстандагы соңку окуялар бо
Улуттук банк валюталык рыноктогу жагдай тууралуу билдирүү жасап, коомчулукту дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Бирок доллардын кымбатташы калкты санаага салды.
33 жаштагы Жайна Раева Бишкекте беш жылдан бери тигүү цехин иштетет. Адеп онго жакын тикмечи менен иш баштаган ишкер аял азыр алардын санын 100гө жеткирген. Кыргызстанда тигүүчүлүк менен алектенген ишкерлердин көбү аялдар.
25-26-февралда Бишкектеги балдардын жаңы ачылган "Memorial Kids" ооруканасына Анкарадан профессор, балдар эндокринологу Эргүн Четинкая келди. Түрк дарыгери балдар арасындагы эндокринологиялык оорулар Кыргызстанда жетиштүү дарыланбай жатканын белгиледи.
Жогорку Кеңеште коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзам долбоору талкууланды. Аны кароо учурунда депутаттар менен төраганын ортосунда талаш-тартыш болуп, долбоорду парламентке алып чыгууда мыйзам бузулганы айтылды.
Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында «Манасчы» спектакли коюлуп жатат. Оюн төрт күн катары менен жүрөт. Спектаклдин алгачкы күнү көрүүчүлөр аз болду.
21 жаштагы Сезим Мейизбекова бир жыл мурун Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетин аяктаган.
Кыргызстандан 2011-2017-жылдары күмөндүү жол менен чыгарылган каражаттын ичинде чет өлкөдө мүлк сатып алууга да которулган акча бар. Бул маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ырастады.
Матраимовдордун үй-бүлөсү «24.kg» сайтына койгон 15 миллион сом доодон баш тартты.
Бишкектеги «Cambridge School» тил үйрөтүүчү мектептин директору, Нигериянын жараны Али Тижжани Абубакарды өлтүрдү деп шектелген адам 7,5 жылга кесилди. Алинин атасы Тижжани Абубакар уулун өлтүргөн адамды кечирип, милицияга тосмо арыз жазып берген.
Кочкор районунда 37 жаштагы аял жаңы жыл майрамын тосуп жаткан түнү күйөөсүнүн токмогунан каза тапты. Бул окуядан кийин киши өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары маркумдун 34 жаштагы күйөөсү кармалып, камакка алынды.
Дагы жүктөңүз