"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Жер тилкесине жетпей жүргөн баатыр эне. Апасы каза болуп, атасы таштап кеткен баланын бөйрөгү иштебей калды. Тажикстанга жумуртка экспорттой баштаган баткендик мугалим. Кар менен кошо “эриген” асфальт жолдор тууралуу видео баяндарды “Данисте” теле топтомунан көрүнүз.
Нарындын Оорук-Там айылында 30 гана түтүн эл жашайт. Айыл Нарын шаарынан 130 чакырым узакта жайгашкан. Кышкысын 6 ай бою капчыгай ичи менен кеткен жол жабылат. Элет эли Нарын шаарына 230 чакырым жол жүрүп, Кара-Кужур өрөөнү аркылуу каттоого аргасыз.
Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияны иликтеген депутаттык комиссия кезектеги отурумун өткөрдү. Анда ЖЭБди модернизациялоонун алкагында 10 миң доллардан кымбат видеокамера коюлганы жана жаңылоого жумшалган каражаттын чоо жайы талкууланды.
Нарындын Кочкор районундагы Сары-Булак айылы балык сатып, үй-бүлө багат. Айылда дыйканчылык кылууга жер жок. Мындан улам жалгыз киреше булагы – балык. Бул жайда илгертен Соң-Көлдүн балыгы сатылгандыктан, жайы-кышы киши үзүлбөйт.
Кыргызстанда бийликке аялдар көбүрөөк келсе, кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн? Бул жаатта коомдун пикири кандай? Бул суроону Бишкектин тургундарына узаттык.
"Каректе Евразиянын" бул жолку чыгарылышына Армениянын жаңы шайланган президенти, Казакстандагы ичимдиктерге тыюу салган мыйзам, Өзбекстандагы аткаминерлердин тойлорго баруусуна тыюу салган токтом, Тажикстанда кеңири жайылып бараткан пластикалык операциялар жөнүндөгү баяндар камтылды.
Балыкчыларды кызыктырган тоо арасындагы Ара-Көл, Баткендеги курулушу бүтпөй жатып бузула баштаган “жаңы” мектеп, жаш инженердин кыргызча сүйлөп, кызмат көрсөтө турган роботу жана башка баяндарды “Данисте” телетоптомунан көрүңүздөр.
Нарындын Жумгал районунун Чаек жана Куйручук айылдарынын жайыт комитеттери АРИС өткөргөн тендерге нааразы.
Ырысбек Элтуйбасов 35 жылдан бери Нарындын Кара-Кужур кыштоосунда мал багып келет. Түйшүгү аз деп соңку жылдары топоз менен жылкыны көбөйткөн. Чабан түйшүгү түмөн малдын эти баа болбой, ортомчуларды гана туйтунтуп жатканына нааразы. Ошентсе да ал үй-бүлөсү менен 365 күн тоо койнунда.
Кочкор районундагы Ара-Көл айылы бир гана күйгөн суусу же туз шахтасы менен белгилүү эмес. Бул жердеги көлмө балыкчыларды өзүнө магниттей тартып турат. Балык уулоо үчүн 250 чакырым жол жүрүп,атайын Бишкектен келгендер да бар. Алардын бири Таалай Мамытов жана досу Эркин Матисаков.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келтирди деп, 9 миллион сом доого жыгылган журналист Нарын Айыптын 90догу энеси сотторго кайрылды. Үй сатыкка коюлса Райла Идинова небере-жээндери менен талаада калышы мүмкүн.
Кол телефонго кино тарткан нарындык окуучулар, Өзбекстандын ооруканасына каттаган кыргызстандык бейтаптар, улуу муунду ойготкусу келген дарыгер, кыргыз аба жолундагы алгачкы стюардессалардын бири Тлеухор апа башка адамдар тууралуу баяндарды “Данисте” тележурналынан көрүңүз.
Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрында “Ромео жана Жульетта” романтикалык спектакли коюлуп жатат. Бул чыгарма кайсы сахнада коюлбасын бардык убакта Жульеттанын образын жаратуу үчүн өтө жаш артисттер тандалган.
Биринчи вице-премьер-министр, парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин мурдагы төрагасы Аскарбек Шадиев Чыңгыз Айтматов сыйлыгына бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалышы боюнча түшүндүрмө берди. Анын ишендиришинче Жогорку Кеңештин эл аралык иштер бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров “бюджетте акча жок
Абакта ачкачылык кармап жаткан Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун жана Эрнест Карыбековдун тарапташтары, жакындары Жогорку Кеңештин алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар президенттен жана соттордон бул саясатчыларга көңүл бурууга жана алардын ишин калыс кароого үндөштү.
Былтыр Бишкек шаарында үч миңге жакын түп бак кыйылган. Шаардык мэрия бактар жолдорду оңдоо максатында, ошондой эле дарактар карыганы үчүн кыйылып жатканын ырастайт. Бирок борбор тургундары миллиондон ашуун калк жашаган шаарда аба бузулуп, экологиялык абал коркунучта деп тынчсызданышууда.
Таштанды жайдагы Алтын-Казык башаламан конушундагы жашоо, Жети-Өгүздө өлбөстүн күнүн көрүп жашап жаткан майып балалуу ата-эне, кыргыз телерадиосу жана уюктук байланышы жетпеген Баткендеги айыл тууралуу баян.
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз академиялык улуттук драма театрынын февраль айындагы театралдык репертуары “Күүгүм” спектакли менен ачылды.
Бишкек шаардык соту депутат Аида Саляновага карата райондук сот чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды.
Кагазда саны бар, өзү иштебеген Баткендеги маданият үйлөрү. Өз тек жайын билбеген, 25 жылдан бери ар кимдин колунда малай болуп жүргөн Азаматтын тагдыры. Кыргызстандык үч мигрант кыздын Анкарада ачкан ашканасы.
Дагы жүктөңүз